Menu

жасалма акча

УКМК: $5700 жасалма акчаны сатууга аракет кылган адамдар кармалды

Кыргыз Республикасыны УКМК республикага жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Ушул жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып жана мындан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Акча каражаттарынын белгилерин жасаган дегенге шектелип “А.К.” кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын УКМК КР жазык кодексинин 225-беренесинин  2-бөлүгүнүн биринчи пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган содко чейинки өндүрштүн алкагында “А.К.” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 13-октябрьнда “А.К.” кеңсесиңде тиңтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда “А.К.” өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген.

Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды.

Кармалган жаран КР жазык – процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.

УКМК: Чет элдик валюталык жасалма акчаларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды

2021-жылдын 22-августунда экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы  аныкталды.

Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ доллары акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-ж.т. Казакстан Республикасынын жараны «Д.С.Я.» кармалды.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Меню