Menu

Жасалма арак

УКМК: Бишкекте жана Чүй облусундагы айрым даректерди тинтүү учурунда 3 млн сомдук 12.000 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКсы КР Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (Мамалкоагенттиги) менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылган. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын.

КР УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин (алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок) белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбайт жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылат. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирет. 

Алкоголдук продукцияны тымызын өндүрүү тиешелүү салыктык төлөмдөрдү, анын ичинде акциздик салыкты төлөөдөн качуу түрүндө республиканын бюджетине олуттуу зыян келтирет, бул  алкоголду өндүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатка тоскоолдук жаратууда.

УКМК: Кадамжай шаарынын Жийделик айылынын аймагынан 277.950 сомдук 1580 даана жасалма алкоголдук продукция кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында КР УКМК Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан контрафакттык продукцияга каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун аймагында контрафакттык продукциялар сакталган кампа аныкталды.

 Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана Прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай шаарынын Жийделик айылынын аймагынан шарап азыктарын кампага түшүрүп жаткан жеринен «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

 Натыйжада, 1580 даана алкоголдук продукция, сметалык баасы 277 950 сомду түзгөн «СВВЗ» ЖЧКсынын көрсөтүлгөн акциздик маркаларынын көлөмүнүн ортосундагы айырмачылык менен табылды.

 Чогултулган материалдардын негизинде Кадамжай районунун Прокуратурасы тарабынан Маалыматтарды каттоо журналына каттоого алынып, анын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню