Menu

Жасалма диплом

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатына байланыштуу апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

УКМК: Талас шаардык мэриясынын жетекчилеринин бири жасалма диплом менен иштеп жүргөндүгү аныкталды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 82 студент жасалма документ аркылуу диплом алганы аныкталды

Башкы прокуратура Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 82 студент жасалма документ аркылуу диплом алганы аныкталганын билдирди. Анда аталган окуу жайды текшерүү маалында бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө мыйзам бузуу фактылары катталганы жазылган.

“Университеттин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү облус аймагындагы райондордогу мектептерде эки-үч жыл иштегени тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн тапшырып, жогорку окуу жайды бүтүргөнү тууралуу дипломдорду алып кеткен. Документтерди текшерүүдө алар мектептерде иштебегени аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын эсебинде, мамлекетке 600 миң сомго жакын зыян келтирилген. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, тергөө уланууда.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ушул жылдын башында мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун текшере баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын билдирген. Анда тизмеде жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын арасында министрлер, алардын орун басарлары, президенттин облустагы өкүлү, шаар мэрлери, депутаттар, судьялар баштаган бир катар кызмат бар экени айтылганы менен дээрлик көбүнүн аты-жөнү ачык жарыяланган эмес.

УКМК апрелде Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен “Альянстын” депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Ушул айдын башында БШКга тиешелүү документтер дагы деле келе электиги белгилүү болгон. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги түшңдүрмө берген эмес.

Дипломдору жасалма деп шек саналып жаткан депутаттар дипломдору жасалма экенин төгүндөгөн.

Өткөн айда Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы экс-депутат Рыскелди Момбековдун дипломун жараксыз деп тапкан. Саясатчы эки диплому бар экенин айтып келет. Анын өкүлү 2020-жылы октябрь айындагы башаламандык учурунда анын парламенттеги иш бөлмөсүнөн дипломатиялык паспорту менен 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айткан.

БШК жыл башында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Адам союп жүргөн хирургдун диплому жасалма экендиги аныкталып, аны жашыруу үчүн дарыгер УКМК кызматкерине $2000 пара берип жатканда кармалды

Кечээ, 28-июлда КР УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып, ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн КР УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Москва ишкердик жана укук институтунун жасалма дипломун 3000 долларга сатып жаткан адамдар кармалды

Кечээ, 14-июлда КР УКМК тарабынан жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды.

Кармалган Кыргыз Республикасынын О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу жарандары үч миң АКШ доллары акча каражатына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын  жогорку билими тууралуу дипломун жаран Л.А. атына жасап беришкен.

Бул адамдар дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

УКМК: Ленин райондук сотунун судьясы жасалма диплом алгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2022-жылдын 4-июлунда КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган. 

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

УКМК: Мамлекеттик чиновник жасалма дипломун ачыкка чыгарбоону суранып, 160.000 сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жасалма дипломду жана кош жарандуулук фактыларын аныктоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери КР УКМК кызматкерине пара берүү фактысына бөгөт коюлду.

    УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун Пригородный а/а кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн КР УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын  сунуштаган.

    Ушул жылдын 24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный, а/а кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды.

    Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК «Ата-Журт Кыргызстан» жана “Альянс” фракцияларынын 2 депутатынын дипломдору жасалма экендигин аныктады

Улуттук коопсуздук комитети жогорку билим жөнүндө дипломдорду текшерүү иштеринин алкагында КР Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» жана “Альянс” фракцияларынын 2 депутатынын дипломдору жасалма экендигин аныктап, БШКга билдирүү жөнөттү. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Диплому жасалма депутаттар катары «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархат Исмаилов менен “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун аттары аталат.

БШК эми УКМК жиберген материалдардын негизинде жогоруда аталган фракциялардын депутаттарынын мандаттары боюнча чечим кабыл алат.

УКМК: 4 ЖК депутатынын, 10 ИИМ жана 6 ТИМ кызматкеринин дипломдорунун жасалмалуулугу текшерилүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында УКМК тарабынан бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери улантылууда.

    Анын алкагында Мамлекеттик комитет мамлекеттик мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерине карата алардын жогорку билими тууралуу дипломдорунун аныктыгы боюнча он миңдеген материалдарды текшерүүгө тийиш. 

    Учурда жасалма дипломдорду колдонууга шектелгендердин бардыгы текшерилүүдө: КР ЖКнын 4 депутаты, КР ЖК Аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты, 2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 3 кызматкери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкери, Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер, Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкерлери, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) 1кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 билим берүү кызматкери, 1 Социалдык фонддун кызматкери, 2 банк кызматкери, 4 муниципалдык кызматтын кызматкери, 1 Муниципалдык аймактык башкаруунун адиси, 1 КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, 1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери, Райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы, 7 айыл аймагынын башчысы, 2 а/а башчысынын орун басары, 7 а/а кызматкери, 5 айылдык кеңештин депутаты. 

    Ошондой эле, кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө. 

    Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен.

    12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

    УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө, же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызмат

УКМК жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегендер келтирилген зыянды төлөп беришерин эскертет

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысы С.Н.Жапаровдун тапшырмасынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштери башталды.

Билим берүү чөйрөсүндөгү абал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык маселесинин, анын ичинде өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердигинин жана өлкө турмушунун бардык башка чөйрөлөрүнүн түзүлүшүнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Мурдагы жана азыркы депутаттардын жасалма дипломдорду пайдалангандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү укук ченемдик актылардын одоно бузулушуна байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары тарабынан билим берүү процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун, анын ичинде жогорку окуу жайлардын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн бар экендигин көрсөтөт.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулаарын эскертет.

Буга байланыштуу УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүкө кепилдик берилет.

Меню