Menu

Жасалма доллар

УКМК: Азербайжандын жараны жасалма 17400 АКШ долларын сатып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан терроризмге жана ички жашыруун терроризмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагында Эл аралык террордук уюмду каржылоо үчүн ири өлчөмдөгү жасалма чет элдик акча каражаттарын сатып жаткан жашыруун кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат келип түшкөн. 

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 21-июлунда 3800 АКШ доллары өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г. кармалды.

Убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17400 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча каражаты табылып алынды.

Азыркы учурда М.Ш.Г. КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, бул кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: "кылмыштуу казынаны" толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштү териштирүүнүн алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын сатуу каналы токтотулду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ыкчам иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири көлөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыш казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар аныкталды.

2021-жылдын 24-июлунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү “С.С.”, “М.А.” жана “М.У.” кармалып, үйлөрүнө тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында 6800 АКШ долларын түзгөн жасалма акча каражаттары алынган.

Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сот жообуна тартылып,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №-26 жатак-абагында кылмыш жазасын өтөгөн.

Кармалгандардын бардыгы КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Меню