Menu

Жасалма паспорттор

100дөн ашык кыргыз паспортун өлкөдөн чыгарып бараткан адам кармалды

Кыргызстандын жарандарына таандык 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаран кармалганын санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 26-апрелде билдирди.

Анын айтуусунда, азыр Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринде инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Ош облусунун Өзгөн районундагы текшерүү учурунда жок кылына турган 1200 паспорт жетпей калган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул иш боюнча жети кишини камакка алган. Арасында мурда бул системада иштеп кеткен адамдар бар.

“Биз жарандарга айына 50-60 миң паспорт беребиз. Жылына 500-600 миң паспорт берилет. Эски системада жоготтум деп коюп, башкаларга сатылган учурлар чыгып жатат. Азыр тергөө жүрүп жатат, көп нерсени айта албайм. Мунун артында көп кишинин катышы бар экен. Ош облусу боюнча жети киши камакта”, – деди ал.

Иманов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин жагдайларын ачыктай албай турганын, чет өлкөнүн жарандарына сатылышы мүмкүн деген документтер эски паспорттор экенин кошумчалады. УКМК маалымат берген жок.

Министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазган.

Аталган департамент Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. Мекеме акыркы билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон.

ИИМ: Кыргызстандын жарандарына Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын паспортторун жасап берип жүргөн Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну кармалды

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөргө мыйзамсыз миграциясын уюштурган каналын аныкташты.
2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган жеке  агенттиги “PEACE”  ЖЧКсы белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу боюнча кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген.
Бул паспортторду колдонгон жарандар (жасалма) Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасына кетирилген.
Бул факты КЖБРге катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды.
Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына   киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана  кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын  аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандардан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКга телефон аркылуу кайрылууну суранабыз: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25.

Меню