Menu

Жашыл көчмөндөр

Кыргызстандын 13 университетинде "Жашыл көчмөндөр" (“Green Nomads”) жаштар кампаниясы өтөт

Бишкек, 3 октября 2022 – “Кыргызстандын студенттери Жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмеси Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте “Green Nomads (Жашыл көчмөндөр)” долбоорун Кыргызстандын 13 университетинде баштоодо.

Иш-чаранын максаты – экологиялык маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, экологиялык маданиятты тарбиялоо жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун студенттери арасында жаратылышка кылдаттык менен мамиле кылуунун принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Демилге Европа климат дипломатиясы жумалыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Жаш изилдөөчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында кызыктуу жана интерактивдүү тренингдерди, мастер-класстарды жана семинарларды өткөрүшөт, буга кошумча глобалдык экологиялык кризистин көйгөйлөрү, себептери жана аны жеңүү жолдору, Европалык жашыл келишиминин күн тартиби (EU Green Deal), дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы эң акыркы жашыл технологиялар жана жашыл айыл чарба жөнүндө сүйлөшүшөт, тышкары студенттер өткөн материалды чыгармачыл жол менен бекемдөө үчүн программага тематикалык оюндар киргизилген түзүлгөн.

Долбоордун алкагында бардык аймактардагы 13 университетке баруу каралган.

Төмөндө кампаниянын графиги: 

Дата ЖОЖ Аймактар
1 03.10.2022 Ысык-Көл мамлекеттик университети Каракол ш., Ысык-Көл облусу
2 04.10.2022 Нарын мамлекеттик университети Нарын ш., Нарын облусу
3 07.10.2022 Талас мамлекеттик университети Талас ш., Талас облусу
4 10.10.2022 КЭАУ Бишкек ш.
5 11.10.2022 КНУ Бишкек ш.
6 12.10.2022 БМУ Бишкек ш.
7 14.10.2022 КУАУ Бишкек ш.
8 17.10.2022 КМТУ Бишкек ш.
9 18.10.2022 КМКТАУ Бишкек ш.
10 19.10.2022 КМУ Бишкек ш. 
11 26.10.2022 Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) Баткен ш., Баткен облусу
12 27.10.2022 Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Ош ш., Ош облусу
13 28.10.2022 Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) Жалал-Абад ш., Жалал-Абад облусу

Облустук сапарлар аяктагандан кийин Бишкек шаарында “Green FEST” жыйынтыктоочу иш-чарасын уюштуруу пландаштырылууда, ага ар бир облуста өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган активдүү студенттик коомдун өкүлдөрү катышып, бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

 Green Fest ноябрдын башында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата өткөрүлөт.

Меню