Menu

Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулук

Ысык-Көл облусунда жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ысык-Көл облусунда КР балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын катышуусу менен «Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жана Ысык-Көл облусу боюнча пробация кеңештеринин жана балдар иштери боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгү жөнүндө» маселе боюнча жыйын болуп өттү.

Көчмө жыйын «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фонду жана Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага Пробация боюнча кеңештердин жана Балдар иштери боюнча комиссия мүчөлөрү, билим берүү, медициналык уюмдардын, социалдык өнүктүрүү жана пробация кызматтарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жыпариса Рысбекова бүгүнкү күндө коомдун алдында турган эң негизги жана социалдык жактан маанилүү милдеттердин бири жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды азайтуунун жолдорун издөө жана алардын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу экендигин белгиледи.

«Мектептерде “тобокелдик тобуна” кирген өспүрүмдөрдүн саны жыл өткөн сайын өсүп жатат, муну менен бирге алар өз алдынча чече албай турган көйгөйлөр да келип чыгууда. Ошондуктан мындай өспүрүмдөр менен профилактикалык иштерди жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары зарыл», – деп баса белгиледи Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Ошондой эле, акыркы жылдары Ысык-Көл облусунда жашы жете электер арасында кылмыштуулук күчөгөнүн белгиленди.

Мындан сырткары, пробациянын көзөмөлүндө турган балдар менен иштөөдө мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу, агрессиясы күчөгөн же башка белгилери болгон өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча билим берүү жана социалдык өнүктүрүү мекемелеринин өз ара иш алпаруусунун алгоритмдери, аларга өз убагында психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү, профилактикалык иштерди биргелешип уюштуруу маселелери талкууланды.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү бул өткөрүлүп жаткан жыйындын маанилүү экенине токтолуп, балдардын кызыкчылыгы үчүн бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары өз ара тыгыз кызматташып, Балдар иштери боюнча комиссиянын жана Пробация боюнча кеңештердин ишин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында жашы жетелек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бардык органдардын ишин жакшыртуу боюнча иштиктүү чаралар сунушталды. Атап айтсак, ар кандай деңгээлдеги мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү, ата-энелерге түшүндүрмө иштерин жүргүзүү, аларга өспүрүм куракта пайда болгон ар кандай терс чакырыктар жөнүндө эскертүү, ошондой эле профилактикалык иштерди жүргүзгөн адистерди системалуу түрдө окутуу жана башка көптөгөн сунуштар айтылды.

Меню