Menu

Жер алдындагы туннелдер

УКМК: Кара-Сууда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда доллар менен товар ташылган жер алдындагы үчүнчү туннель табылды

УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 11-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы уйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды.

Жогорудагы дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы туннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу КР жараны экендиги аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын байланыштырган туннелди казуу боюнча иштерди, Кыргыз Республикасынын М.И.М. жана Өзбекстан Республикасынын Рустам аттуу жарандар жүргүзүшкөнү такталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Меню