Menu

Жер амнистиясы

Өлкөдө жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшүндө 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 22-ноябрында Чүй облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда бардык жарандарга 2022 жылдын 1 апрелге чейин жер участокторун мыйзамдаштырып, укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү  боюнча тапшырма берген.

Жер участкаларын жеринде изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 337 жер тилкелери такталган.

Бүгүнкү күнгө карата 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты.

Мыйзам талаасында бул маселени чечүү үчүн  “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, 2022-жылдын          5-апрелинде күчүнѳ кирген.

Бул мыйзамдын негизинде өлкөдө  жалпы аянты болжол менен 29 872 га жер трансформацияланат.

Мыйзамга ылайык 2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети № 291 токтому менен “Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобону бекитти.

Учурда Жобого ылайык шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда атайын Комиссиялар түзүлүп аталган жерлерди дагы бир ирээт тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Жобого ылайык жарандар райондук, шаардык комиссияга керек документтерин тапшырып  кайрылгандан кийин комиссия 30 күн ичинде кайрылган жарандардын тизмесин топтоп түзүүсү зарыл.

Комиссия документ топтолгон бир айдан кийин менчик ээсин тактоо максатында 30 күнгѳ чейинки убакытта коомдук билдирүүгѳ чыгарат жана атайын такталарда документ берген жарандардын тизмесин илишет.

Эгер ушул аралыкта комиссияга сунуш пикирлер түшпөсө коммиссия отурум өткөрүп, жогоруда белгиленген тизмелерди бекитет жана айыл өкмөттөргө жана мэрияларга жиберет.

Айыл өкмөттөр жана шаар мэриялары бекитилген тизмедеги жарандарга чечим чыгарып, жергиликтүү каттоо  кызматына жөнөтөт. Андан сон жарандар барып, жергиликтүү каттоо  кызматынан  тиешелүү документин ала алышат. Бул норма азыр иштеп баштады.

Ошондой эле, тиешелүү министрлик тарабынан учурда атайын топтор түзүлүп, жериндеги адистерди, комиссия мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө .

Белгилей кетүүчү нерсе, бул Мыйзамга ылайык санитардык нормаларга туура келбеген газ түтүктөрү өтүп жаткан, таштанды полигондордун жанындагы, мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер, жөнгө салынбайт.

Бир нече жылдар арасында топтолгон көйгөйдү чечүүгө убакыт талап кылынууда. Учурда бул маселени чечүүгө керектүү укуктук ченемдик актылар негизинен кабыл алынганын эске алуу менен жарандарыбызды сабырдуулукка чакырабыз.

Акылбек Жапаров жер амнистиясына түшкөн жер тилкелеринин документтерин кароо мөөнөтүн кыскартууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имаратына жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча келген Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын тургундарын кабыл алды.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жарандар жерге мунапыс берүү жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттөргө нааразы, ага ылайык, жер участогуна болгон менчик маселелерин чечүү үчүн 3 ай убакыт керектелет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандардын пикирин жана нааразычылыгын угуп, Айыл чарба министрлигине жер тилкелерине документтерди белгилөө мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

«Эл бекерчиликтен митингге чыкпайт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын аракетсиздигинен улам келип чыгат. Бирок биз ар дайым элдин үнүн угуп, элдин нааразычылыгын жаратпай турган чечимдерди кабыл алабыз», – деди Акылбек Жапаров жана жер амнистиясына түшкөн жер тилкелерине үй курууга укук белгилөөчү документтерди алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Меню