Menu

Жер баскычтар

Жер басып алгандардын жазасын катуулатуу каралууда

Кыргызстанда жер басып алгандардын жазасын катуулатуу сунуш кылынууда. Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 15-июнда коомдук талкууга чыгарды.

Анда “Акыркы жылдарда республикада жерлерди ээлеп алуу, жерлердин бүтүндүгүн жана максаттуу багытын бузуу менен сугат жерлерине, түшүмдүү жерлерге өзүм билемдик менен турак жай куруу тенденциясы уланууда” деп айтылды.

Министрлик бул чөйрөдө бир топ “мафия” бар экенин, анын курамына тийиштүү шарт түзүп, айыл чарба жерлерин атайылап жараксыз абалга алып келүүгө аракеттенген мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, кызмат адамдары бар экенин белгиледи.

Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, бирөөнүн жерин басып алган киши ошол жерди кайтарып бергенден тышкары 50-100 миң сом айыппул төлөйт, азыр анын өлчөмү 20-50 миң сом. Ал эми эркинен ажыратуу азыркы 5 жылга чейинки мөөнөттөн 5-7 жыл деп сунушталууда. Курал колдонулган болсо 7-10 жыл, жерди басып алууну уюштурганы далилденсе 10-12 жыл эркинен ажыратуу каралууда.

Кыргызстанда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам 2021-жылы 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууга жана жалпысынан жер участокторун бөлүп берүүгө байланышкан кырдаалды тартипке келтирүү жана укуктук жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды кабыл алды.

Бирок мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан ишке карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун көчөлөрдүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда, уюмдар, мекемелер жана ишканалар жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууда.

Негизсиз, өзү билип тосуп алуу аркылуу өзүнүн участогунун жерге укукту ырастоочу документтерде белгиленген мыйзамдуу чегин кеңейтүүгө умтулган менчик ээсинин же ижарачынын аракеттери, жалпы пайдалануудагы жерлерде же жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык болгон жер участокторунда мыйзамсыз автопарковкаларды (автомобиль токтоочу жайларды) кылуу, гараждарды, күркөлөрдү, дүкөнчөлөрдү (стационардык эмес объекттерди) жайгаштыруу, тосмолорду коюу жана башкалар жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кеңири жайылган учурлары болуп эсептелет.

Республиканын аймагында жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууну алдын алуу жана болтурбоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жерди табигый объект, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин, өнүгүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн негиздери катары коргоо, ошондой эле жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары укук коргоо органдары жана жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте:

– жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын;

– жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбестиги жөнүндө жана мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүп турсун;

– жер участокторун, чектеринин жайгашуусу жөнүндө маалыматтары кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрына киргизилбеген капиталдык курулуш объекттеринин, курулмаларынын участокторун ээлеп алууну болтурбоо максатында жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштерди жүргүзсүн;

– айыл чарба өндүрүшү үчүн жерди пайдалануучуларга бөлүнүп берилүүчү жер участокторунун, ошондой эле менчик ээлери тарабынан айыл чарба багытындагы жерлердин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

– коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактыларын табуу жана болтурбоо, укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча толук чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтсүн;

– мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын ыкчам карасын жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык ишти активдештирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бөлүнүп берилген же бекитилип берилген жер участогун жарандар же юридикалык жактар өзүм билемдик менен кеңейтип алган фактыларды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыкчам карасын.

УКМК: Папан айыл аймагынын тургундарынын нааразычылыгын жараткан Жогорку соттун чечими жөнүндө

КР УКМК, Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын тургундары Жалпыга маалымдоо каржаттарына КР УКМК иштебейт деп билдирилген жана УКМК Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгына болгон нааразы арыз дооматтарын карап чыгып төмөнкүлөрдү билдиребиз. 

Ош областынын Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургундарынын арыз дооматтарынын негизинде жарандык сот инстанцияларынын отурумдары болуп өткөндүгү аныкталды. Анда, Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары аларга таанымал болгон “үлүш” жерлерине Папан айыл аймагынын тургундары мыйзамсыз үйлөрдү куруп алганын белгилеп, мыйзам чегинде курулуш иштерин токтотуп, курулуп калган үйлөрдү сүрдүрүп берүүнү өтүнүшкөн. 

Жогорку Соттун 2021-жылдын 28-июнундагы чечимине ылайык мыйзамсыз курулуш деп табылып, сүрдүрүү иштери Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызматына жүктөлгөн. 

Муну менен катар, буга чейин мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Папан айыл аймагынын тургундарына, “үлүш” жер ээлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бир нече ирет курулуш иштерин токтотуу боюнча эскертилген.

2021 жылдын 28өсентябрь күнү сот аткаруучулар баштаган комиссия тарабынан аталган жерде курулуп бүткөн мыйзамсыз 14 үйдүн 2 үйү сүрдүрүлгөн. 

Аталган чечим жарандык тартипте каралган соттук чечим болуп саналат жана бул чечимге КР Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети жана жетекчилигинин эч кандай тийешеси жок.

Меню