Menu

Жер казынасы

«Жер казынасы жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жер казынасы жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам жер казынасын пайдалануу учурунда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен келип чыккан мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.

Мамлекет жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү өз саясатын адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө умтулуу, өлкөнүн жер казынасын кайтаруу жана сарамжалдуу пайдалануу, өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде жер казынасын пайдалануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуунун негизинде жүзөгө ашырат.

Жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналары, Кыргызстан элинин жашоо-турмушунун жана ишинин негизи катары пайдаланылып жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болору белгиленет.

Буга байланыштуу экономикалык кызыкчылыктарды камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын андан аркы экономикалык өсүшү үчүн долбоордо «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат, ага ылайык алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө толтуруу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттин кеминде 30 пайыздык милдеттүү үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.

Мыйзамга ылайык, жер казынасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет.

Төмөнкүлөрдү кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укуктарынын бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш:

– концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугун;
– мамлекеттик каттоону.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн Мыйзам менен өндүрүлгөн продукцияны бөлүштүрүүдө мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүүгө тийиш экени аныкталган.

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын жаңы ставкалары бекитилди

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды (мындан ары – жыйым) эсептөөнүн, төлөөнүн, чогултуунун жана карызды өндүрүүнүн тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Кабыл алынган чечим жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктарды сактоого жана лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды мыйзамдык жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

Жер казынасын пайдалануучулардын чакан жана орто ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн анализи көрсөткөндөй, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө компанияларды мотивациялоо катары жыйымды киргизүүнүн негизги максаты жарым-жартылай гана ишке ашты. Лицензиялардын көбү кайра сатуу максатында кармалып турган, мисалы тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн 769 лицензиянын ичинен 250 лицензия (35%) боюнча гана тийиштүү иштер аткарылууда.

Белгилей кетсек, 2013-жылга чейин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн административдик рычаг каралган – эгер айрым иштер аткарылбаса профилдүү мамлекеттик орган лицензияны жокко чыгара алмак. 2015-жылдан тартып экономикалык рычаг колдонула баштады – лицензияларды кармоо үчүн жыйым киргизилген. 2013-жылдан азыркы мезгилге чейин лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча жергиликтүү бюджетке 2,4 млрд сом түшкөн (жылына 250дөн 377 млн сомго чейин).

Бирок практика көрсөткөндөй, жыйымдын баштапкы белгиленген ставкалары өндүрүштү ыкчам баштоого, же лицензиялык аянттарды кыскартууга өбөлгө түзө алган жок. Ошондуктан, бул жыйымдардын ставкаларын кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкты.

Жыйымдардын жаңы ставкалары белгиленгенде, кайра сатуу максатындагы лицензиялары бар компаниялар тоо-кен жана геологиялык иштерди жүргүзүүгө, же инвестицияларды тартууга мүмкүн болгон лицензиялардан баш тартууга мажбур болушат.

Чечим расмий расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Токтомдун толук мазмуну менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыгынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруунун алкагында Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Документ конкурстук жана аукцион аянтчаларында 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилер жана мамлекеттик ишканалар үчүн жер казынасын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү Тартиби жер казынасын пайдалануу укугун алууда, 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактарга артыкчылыктуу укуктарды берүү нормаларын карайт, ага ылайык жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:

– мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;

– жер казынасынын аукциондук участоктору.

Токтомдун толук мазмуну менен бул жерден таанышууга болот.

Меню