Menu

Жер мунапысы

Лебединовканын жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу акцияга чыкты

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 151-контурдан жер тилкесин алган жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу 10-августта Чүй облустук акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыкты.

Алардын айтымында, жер мунапысы менен мыйзамдуу берилген кызыл китептери кайра жокко чыгып жатат.

“Биз жерди басып алган жокпуз, сатып алганбыз. 600дөн ашык адам бүт документтерди топтоп кызыл китеп алсак, кайра жокко чыгарып жатат. Биз мыйзамды сыйлап үй салган жокпуз. Мурдагы аким чыгарган токтомун кайра жокко чыгарып салыптыр”, – деди чогулгандардын бири Арзыкан Кубатбаева.

Митингге чыккандар кызыл китеп алып жатканда тиешелүү мекемелерден түзүлгөн комиссия оң корутунду бергенин айтууда.

Акцияга чыккан жашоочулар менен Аламүдүн районунун акиминин орун басары Өмүрбек Тейтелиев жолукту. Ал жер тилкелерине кызыл китептерди тариздөө убагында прокуратура мыйзам бузуу болгонун аныктап, ишти сотко өткөрүп бергенин, акыркы чечимди сот чыгарарын билдирди.

Чогулгандар Чүйдүн облус башчысынын келишин талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Президент Садыр Жапаров жер мунапысын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Чүй облусунун жетекчиси Нурил Алимбаев менен Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта, «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында Мамлекет башчысы кол койгон «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамда жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү  тапшырмасы берилген.

Бирок жыл жыйынтыгы менен Президент Садыр Жапаров бул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, кабыл алынган Мыйзамга карабай, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген.

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган. Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президент Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

Жер мунапысы алкагында 546 гектар трансформация болду

Кыргызстанда былтыр жарыяланган жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата 546 гектар жер трансформация болду. Бул тууралуу 22-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн, аларды райондук акимчиликтерде түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Соңку маалымат боюнча, 12 миң 441 техникалык паспорт берилди.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Алар менен жолуккан президент Садыр Жапаров тийиштүү адистер менен иш жүргүзүлүп жатканын, бул процессти 2022-жылдын 1-апрелине чейин жыйынтыктоо керектигин белгилеген жана мындан ары жер басып ала тургандар болсо жоопко тартыларын айткан.

Натыйжада “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам ошол жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 5-апрелде ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин үй салынып калган жер тилкелерин камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

УКМК: Президенттин жер мунапысына карабай жарандан 450.000 сом пара талап кылган мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүрүшүндө, КР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу) боюнча, 2023-жылдын 10-январында 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды, алар, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Меню