Menu

Жер саткандар

УКМК: Ноокенде жер тилкелерин коррупциялык жол менен сатып жүргөн депутаттар кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды. Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды.

Такталган боюнча, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган. Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ, 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жоболорун жашыруу максатында жүргүзгөн анда жер амнистиясы каралган.

Азыркы учурда тергөө органдары бул коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Президенттин жер мунапысына карабай жарандан 450.000 сом пара талап кылган мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүрүшүндө, КР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу) боюнча, 2023-жылдын 10-январында 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды, алар, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

УКМК: Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айыл башчысынын орун басары $4000 пара талап кылып, анын бир бөлүгүн алып жатканда кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу)  ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган  М.Б.С. кармалды. Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. 

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

УКМК: Жер тилкелерин саткан Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш ишине бөгөт коюулду. 

Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган.

Бул адамдар жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтердин жасалмасын жасоо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню