Menu

Жер титирөө

Адана: Зилзалада онго жакын кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды

Түркиядагы зилзала учурунда Адана шаарында иштеген он чакты кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды. Аларга жардам берүү үчүн атайын топ жолго чыгып кеткенин Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов журналисттерге билдирди.

Түрк бийлиги зилзаладан 10 шаар – Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис зыян тартканын билдирди.

6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500дөн ашса, Сирияда 800гө жакындады. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, бул сандар өсүшү ыктымал. Айрым маалымат каражаттары тирүү табылгандар тууралуу жазып жатышат.

Дүйшөмбүдө Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаладан жабыркаган Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтүп жатканын кабарлаган.

“Куткаруучулар тобунун арасында психологдор, дарыгерлер да болот. Түркияга барчу кызматкерлерибиз Оштон дагы келе жатат. Эгер үлгүрсө, алар бүгүн, 6-февралда жөнөп кетишет, болбосо калгандары эртең учат. Куткаруучулар атайын борт менен тамак-ашын, чатырын, болгон шаймандарын кошо ала барат. Алардын арасында кинолог эки ити менен учат”,-деген министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө кайталанган.

Меню