Menu

Жер трансформациялоо

УКМК: Кадамжайда баасы 1 миллиард 63 миллион сомдук 624 гектар трансформацияланбаган жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберген айыл аймактын жетекчилери камакка алынды

КР УКМК тарабынан Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши тергелүүдө. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган айыл аймактын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С.  жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды, алар 2016-2023-жылдар аралыгында 61,37 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну көздөп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала сүйлөшүп, 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен, бирок иш жүзүндө 624 га жер экени аныкталды, анын ичинен 61,37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген, 6 га Д.Д.М. тарабынан 12 жакын байланыш адамдарына белек катары берилген, ал эми 556,63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген. 

Ошол эле учурда, көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 миллион 743 миң 145 сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 миллиард 63 миллион сом болгон 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду. 

Эскертүү: мурда КР УКМК органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын И.Ж. аттуу жаранына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом өлчөмүндөгү паранын 50 миң сомун кайтарып жаткан жеринен Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, кармалган К.А.С.нын турак-жайы, айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы, жалпы суммасы 5 млн 450 миң сом мамлекетке конфискацияланды.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Ош шаарында өз билемдик менен басып алышып үйлөрдү курган 174 гектар жер трансформацияланып, 815 техникалык паспорт берилди

Бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси өзү билип курулган участокторго укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш 2009-жылдын  19-июнунда кабыл алынган  “Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”  N388-жобосунун, 48-50-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.

Маалымат боюнча Ош шаарында 174 га жер трансформацияланган. 815 техникалык паспорт берилген. Бул багыттагы иштер дагы да улантылууда.

Өлкөдө жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшүндө 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 22-ноябрында Чүй облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда бардык жарандарга 2022 жылдын 1 апрелге чейин жер участокторун мыйзамдаштырып, укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү  боюнча тапшырма берген.

Жер участкаларын жеринде изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 337 жер тилкелери такталган.

Бүгүнкү күнгө карата 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты.

Мыйзам талаасында бул маселени чечүү үчүн  “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, 2022-жылдын          5-апрелинде күчүнѳ кирген.

Бул мыйзамдын негизинде өлкөдө  жалпы аянты болжол менен 29 872 га жер трансформацияланат.

Мыйзамга ылайык 2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети № 291 токтому менен “Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобону бекитти.

Учурда Жобого ылайык шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда атайын Комиссиялар түзүлүп аталган жерлерди дагы бир ирээт тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Жобого ылайык жарандар райондук, шаардык комиссияга керек документтерин тапшырып  кайрылгандан кийин комиссия 30 күн ичинде кайрылган жарандардын тизмесин топтоп түзүүсү зарыл.

Комиссия документ топтолгон бир айдан кийин менчик ээсин тактоо максатында 30 күнгѳ чейинки убакытта коомдук билдирүүгѳ чыгарат жана атайын такталарда документ берген жарандардын тизмесин илишет.

Эгер ушул аралыкта комиссияга сунуш пикирлер түшпөсө коммиссия отурум өткөрүп, жогоруда белгиленген тизмелерди бекитет жана айыл өкмөттөргө жана мэрияларга жиберет.

Айыл өкмөттөр жана шаар мэриялары бекитилген тизмедеги жарандарга чечим чыгарып, жергиликтүү каттоо  кызматына жөнөтөт. Андан сон жарандар барып, жергиликтүү каттоо  кызматынан  тиешелүү документин ала алышат. Бул норма азыр иштеп баштады.

Ошондой эле, тиешелүү министрлик тарабынан учурда атайын топтор түзүлүп, жериндеги адистерди, комиссия мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө .

Белгилей кетүүчү нерсе, бул Мыйзамга ылайык санитардык нормаларга туура келбеген газ түтүктөрү өтүп жаткан, таштанды полигондордун жанындагы, мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер, жөнгө салынбайт.

Бир нече жылдар арасында топтолгон көйгөйдү чечүүгө убакыт талап кылынууда. Учурда бул маселени чечүүгө керектүү укуктук ченемдик актылар негизинен кабыл алынганын эске алуу менен жарандарыбызды сабырдуулукка чакырабыз.

Меню