Menu

Жер участокторун трансформациялоо

УКМК: Мэрия тарабынан УКМКнын кызматкерлерине 2012-жылы берилген 4,15 гектар жер азыр трансформациялоо ченемдерине ылайыкташтырылууда

КР УКМК Социалдык тармактарда жарыяланган “Мэрия тарабынан 4,15 гектар жерди кийин КР УКМК пенсионерлерине жана кызматкерлерине берүү” жөнүндө маалымат боюнча төмөнкүлөрдү билдирет: 

Жогоруда аталган жерлер мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-апрелиндеги №313 токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, ошондой эле, СССР мезгилинен бери ал жерлер Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) таандык болгон, андан кийин жеке турак-жай курууга муктаж пенсионерлер менен аскер кызматчыларына бөлүштүрүлгөн.

Азыркы учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бул жерлер тийиштүү ченемдерге ылайыкташтырылууда.

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду.

Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Маселен, мыйзам менен жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө.

Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кирет.

2021-жыл 13-август
Меню