16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Жекшеналиевдин жактоочусу ал Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармаларын айтты.
Ырыс Жекшеналиев сот залында өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.
Журналисттерге укуктук жардам көрсөткөн “Медиа Полиси” институту Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши жөнүндө билдирүү таратты. Уюм буга чейин кармалган активисттерди, блогерлерди бошотууга чакырды. Билдирүүдө блогерге козголгон кылмыш ишин жана анын билдирүүлөрүн анализдеп, ал “Калайман баш аламандык” беренесине туура келбестигин, билдирүүлөрдө эч кандай башаламандыкка чакыруу болбогонун билдирген. “Медиа Полиси” институту бийликти сындоо жана пикир айтуу ар бир адамдын конституциялык укугу экенин эске салган.
15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камалганын ырастаган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеону аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман баш аламандык”) 3-бөлүмүнө (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) ылайык кылмыш ишин козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.
14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.
Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү – 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн.
Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча аракеттерин баштагандан бери эски чиновниктер түн уйкусунан качып, канткенде мындай “майлуу-сүттүү” жердин гендирекциясын ээлеп калуу жандалбасын кылышууда.
Алардын бири Темир Сариев 2020-жылы президент Садыр Жапаровдун колтугуна кире коюп, анан Садыр Жапаров 2020-жылдын 18-декабрында эл менен жолугушууда “Жетим-Тоо” темир кенин өзүбүз казабыз, анын запасы 500 жылга жетет. Жетекчилигине Темир Сариевди жумшап жатабыз” деп жарыя кылган.
Бирок 2021-жылдын 3-августунда УКМК экс-премьер Темир Сариевди “Кумтөр” алтын кениндеги коррупцияга айыптап камакка алып, Сариевдин тилеги таш капкан.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 5-11-апрелдерде да КР Жогорку Кеңеши жана КР Транспорт министри ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди кытайлык жол куруучу «Лонг Хай» компаниясынан 6 млн доллар пара алган деп айыптап, кызматтан кетиришкен.
2021-жылдын 22-ноябрында үй камагына чыгарылган Темир Сариев бүгүнкү күндө Ак үйдүн лөктөрүнө киши салып, Жетим-Тоону сурап жүргөнү белгилүү болду. Алтургай жакында Нарынга саякат деген шылтоо менен Жетим-Тоо темир кенине алыстан көз салып келгени да айтылууда.
Ошол эле учурда дагы бир экс-чиновник, 2015-жылы “эшек бизнеси” жана “Элдик лотерея” чуулгандуу бизнестери менен белгилүү болгон Юруслан Тойчубеков да Жетим-Тоо темир кенинин гендирекциясына көзү түшүп, чуркап жүргөнү эл арасына тарап кетти.
Жетим-Тоо темир кенинин башчылыгы үчүн эки эрендин күрөшүндө ким жеңерин убакыт көрсөтөт.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешoв Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок экенин айтты.
Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген.
“Жетим-Тоо – бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”, – деди Эргешов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде ЖМКларга курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.
Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.
Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.