Menu

Жеңиш Молдокматов

Камактагы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап ачкачылык жарыялаганын оппозициячыл саясатчынын жардамчысы, “Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, 26-июль күнү Молдокматовго Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык башаламандыкты уюштуруу) 1-бөлүмү боюнча шектүү жөнүндө кабарлама берилген. Ал өзүнө дагы бир кылмыш иши козголгонуна макул эместигин билдирип, ачкачылык жарыялаган. Бекчоро уулу 26-июлда Молдокматов менен сүйлөшкөнүн, ал сурак протоколуна жана шектүү жөнүндө кабарламага кол койбогонун кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган” деген кине койгон. 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.

Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калды

Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу адвокат Урмат Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, актоочу тарап райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат.

Буга чейин Молдокматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 6-июлга чейин №1 тергөө абагында камакка алынган. Бул чечимди кийин Бишкек шаардык соту дагы өзгөрткөн эмес. Жактоочулар бөгөт чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча шаардык сотко арызданган.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган” деген кине койгон.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.

Меню