Menu

Жеңиш Разаков

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Алдамчылыкка” шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот. Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров билдирди.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айып тагылганы кабарланган.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын гана ырастаган.

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.

Экс-вице-премьер Жеңиш Разаков экс-депутат Арзыбек Буркановдун 1.000.000 АКШ долларын алдап алып, бербей койгондугу үчүн камакка алынды

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1.000 000 АКШ долларын алган факты боюнча  козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.
2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран Б.А.  кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000  АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.
2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык)  менен иш козголгон.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Редакциядан: Биздин жеке булактардын айтымында арыз берген Б.А. – бул экс-депутат Бурканов Арзыбек.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдамчылыкка шектелип кармалды.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ички иштер министрлиги Разаковдун кармалышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.

Меню