Menu

ЖККУ – ОДКБ

Армения өз аймагында ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты

Армения өз аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян басма сөз жыйынында билдирди.

“Армениянын коргоо министри ЖККУнун Биргелешкен штабына азыркыдай кырдаалда өлкө аймагында машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлады. Жок эле дегенде Армениянын аймагында мындай машыгуулар 2023-жылы өтпөйт”, – деп билдирди Пашинян.

1-январда Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл Арменияда “Бузулбас биртуугандык-2023” аскердик машыгуулары өтөрүн жарыялаган.

Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин ЖККУ Арменияда пландалган машыгууларды башка өлкөнүн аймагында өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

2022-жылдын күзүндө Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан.

ЖККУга Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө.

Октябрда Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартканын жарыялаган. Коргоо министрлиги бул чечим мурда эле кабыл алынганын билдирген.

Никол Пашинян ЖККУ саммитинин соңундагы декларацияга кол коюудан баш тартты

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитин жыйынтыктаган декларацияга кол койгон жок. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алдында Пашинян аталган уюмду Азербайжандын Арменияга каршы аракеттерине саясий баа берүүгө, бул маселеде өнөктөштүк көрсөтүүгө чакырган. Ал ошол эле маалда ЖККУдан аскердик жардам сурабай турганын белгилеген.

Беларус президенти Александр Лукашенко саммитте Армения кол коюлчу документтерге кошумча киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал колдоо таппаганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, Армениянын ЖККУдан чыгышы тууралуу сөз болбогонун билдирди. Бирок “лидерлер орток пикир таппаган учурлар” болгонун ырастап, муну “азыркы жагдайдын кыйынчылыктары” менен негиздеди.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө болгон уюмдун катчылыгы Еревандагы саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү, кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлаган.

Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтө турган машыгуусуна катышпайт

Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун “Рубеж-2022” деген аталышта Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок.

“Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022″ аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы”, – деп айтылат министрлик берген маалыматта.

Бир нече күн мурда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн контингенти “Рубеж-2022” машыгуусуна катышары, ага Борбор Азия аймагынын аскердик бөлүктөрү тартылары айтылган. Машыгууга катышкандардын саны миң кишини түзүп тик учак, учак жана учкучсуз учактар баштаган 300дөй аскердик техника тартылмак.

10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Кыргызстан ЖККУ машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турган болду. Бул тууралуу 9-октябрда журналисттерге Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргызстан машыгуулар өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алды” деп билдирди мекеме.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат.

7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйынында “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды” деп айтканын ТИМдин басма сөз кызматы билдирген.

КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУга (ОДКБ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлерине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралу айтып берди

Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев армян тараптын төрагалыгы алдында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынына катышты. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын күн тартиби боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин позицияларын координациялоо боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Министр ошондой эле Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз, чагымчыл жана деструктивдүү аракеттеринин натыйжасында кескин начарлап кеткен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолду.

Ж.Кулубаев БУУнун Уставында жана ЕККУнун Корутунду актысында, ошондой эле башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо сыяктуу фундаменталдык эл аралык принциптер одоно түрдө бузулганын белгиледи. Министр тажик тарапты 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШ түзүү жөнүндө макулдашуунун жана 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясынын алкагында аймактык бүтүндүктү жана учурдагы чек аралардын кол тийбестигин сыйлоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоого чакырды.

Мындан тышкары Армения Республикасынын Уюмда төрагалык кылган учурда ЖККУ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында боло турган сессиясына даярдыктын жүрүшү боюнча талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин Башчысы Кыргызстандын эл аралык демилгелерин жарыялады. Тактап айтканда, ал быйыл кыргыз тарап БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын 2023-2027-жылдарды «Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» жана «Куралсыздануу жана таркатпоо үчүн маалымдуулуктун эл аралык куну» деп жарыялоо боюнча резолюцияларынын долбоорлорун алдыга жылдырып жатканын билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугу тууралуу маалымдап, катышуучулардан аталган демилгелерди колдоону суранды.

Садыр Жапаров Москвада "санкциялардын согушу" тууралуу сөз кылды

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринин Москвадагы саммитинде Кыргызстанды “санкциялардын согушу” тынчсыздандырып турганын айтты.

“Кыргызстандын экономикасы коронавирус пандемиясынан калыбына келе электе санкциялар боюнча абал азык-түлүк жана энергетика коопсуздугуна, макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукка коркунуч жаратууда. Ушундай шартта санкциялардын кесепетин жумшартуу жана биздин өлкөлөрдө социалдык-экономикалык абалдын начарлап кетишин алдын алуу үчүн жалпы иш-аракеттерди талкуулоого жана иштеп чыгууга зарылчылык жаралды”, – деди Жапаров.

Ал бул маселени жакында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Бишкектеги жыйынында жана биринчи Евразиялык экономикалык форумда талкуулаганга мүмкүнчүлүк болорун белгиледи.

Мындан тышкары Жапаров коопсуздукка байланыштуу коркунучтар жана саясий-аскердик чыңалуулар Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун дээрлик бардык чек арасына жеткенин, уюмга мүчө мамлекеттердин ички ишине сырттан кийлигишүү аракети байкалып жатканын айтты. Жапаров буга жыл башында Казакстандагы “күтүүсүз кризисти” мисал келтирип, уюм бул окуяга ыкчам реакция кылганын белгиледи.

Ошондой эле кыргыз президенти ЖККУнун түштүктөгү Ооганстан менен чек арасында чыңалган абал өкүм сүрүп жатканын, буга айрым ооган райондорунда радикалдуу-террорчул түзүмдөрдүн иш-аракети себеп болуп жатканын да кошумчалады.

ЖККУнун Москвадагы саммити Орусия Украинага басып киргенден бери биринчи жолу өтүп жатат.

Орус күчтөрү 24-февралда Украинага кол салгандан бери Москва Батыш өлкөлөрүнүн мурда болуп көрбөгөн санкцияларына кабылды. Мындай чаралардын кесепети Борбор Азия өлкөлөрүндө да сезилип жатат. Батыш өлкөлөрү санкциялар эгемен өлкөгө кол салган Орусияны ооздуктоо үчүн зарыл чара экенин белгилеп келишет.

Айрым эл аралык уюмдар жана жарандык активисттер Казакстандагы январь окуяларында жайкын тургундарга ок атылганын сынга алышууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат.

Сессияда «Казакстан Республикасындагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү» маселе талкууланат.

Жогорку Кеңеш ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстанга аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши бүгүнкү 7-январдагы жыйынында, ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди.

Белгилей кетсек, 5-январда казак тарап ЖККУнун катчылыгына уюмдун жоболоруна жана юридикалык милдеттенмелерине ылайык, Казакстан Республикасына тиешелүү аскердик контингенттерди жөнөтүү аркылуу тараптардын жардам көрсөтүүсүн тез арада уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана Казакстан Республикасына ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин кароо сунушу менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Казакстан Республикасынын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.

Кыргызстандык тынчтык орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого тартылат. Аны менен бирге алар Казакстан Республикасындагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт.

ЖККУ Казакстанга аскерлерин жөнөттү

Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Казакстанга аскерлерин жөнөткөнүн расмий жарыялады. Бул тууралуу уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян билдирди.

6-январь күнү эртең менен ЖККУдан “Интерфакс” орус агенттигине “уюм Казакстанга аскерлерин жөнөткөнүн” билдиришкен.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ боюнча комитетинин башчысы Леонид Калашников ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктураны, Байкоңур космодромун жана башка объектилерди коргой турганын айткан.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган. Ал Алматыдагы кырдаалды “террордук топтордун иши” деп атаган.

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат.

ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

6-январда Алматы шаардык полиция департаменти калаада ондогон киши каза болгонун билдирди. Өлкөдө интернет байланыш жок болгондуктан, акыркы окуялар тууралуу маалымат алуу оор болууда.

5-январь күнү Алматыда башамандык болуп, белгисиз топ акимчиликти жана аэропортту басып алган. Өлкөдө 17:00дөн түнкү 12ге чейин интернет өчүрүлгөн. Шаардагы ондогон дүкөн жана банктар тонолгону кабарланган. Ага чейин Токаев баш калаадан кетпей турганын жана Коопсуздук кеңешин жетектээрин айтып, жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялаган.

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен Казакстандагы кырдаал боюнча бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Тараптар ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.

Меню