Menu

ЖКнын VII чакырылышы

Жогорку Кеңеш Конституциянын “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деген нормасына каршы мыйзамды талкуусуз кабыл алды

28-сентябрда Жогорку Кеңеш “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду.

Документти парламентте талкуулабай эле кабыл алууну депутат Надира Нарматова сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда 64 “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так белгиленген.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.

6-сентябрда спикер Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылган.

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатына байланыштуу апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Депутаттык мандаты алынган Исмаилов менен Алимжанов БШКны сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими боюнча сотко арызданганы белгилүү болду. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев журналисттерге ырастады.

“Алардын арызы боюнча соттук иштер аяктагандан кийин гана кезекте турган талапкерлерге мандат ыйгаруу иштери жүрөт”, – деди ал.

Бишкек шаардык административдик соту бул маалыматты ырастап, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленгенин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду (“Альянс”) 6-июлда мандатынан ажыраткан.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарды жасай турганын билдиришкен.

Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетти

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти.

Төрага Талант Мамытов өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруудагы парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп: “Жогорку Кеңеш ар дайым эң оор мезгилде жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз милдетин так аткарып келген», – деди жана өлкөнүн Конституциясы баш болгон маанилүү чечимдер кабыл алынганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Төрага Талант Мамытов кесиптештерине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматтан кетүү чечими өз каалоосу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

Жогорку Кеңеш кумарканалар тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. 56 депутат макул, 13 депутат каршы добуш берди.

Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

“Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоорунда анын максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоорун билдирип, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын биринчи сессиясынын ачылышы өттү

Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын биринчи сессиясынын ачылышы болду.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын, Төрага шайланганга чейин төрагалык кылуучунун функцияларын аткаруучу, жашы боюнча улуу шайланган депутат ачат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышында биринчи жыйынды депутат Шарапаткан Мажитова алып барууда.

Алгач депутаттардын ант берүү аземи жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекованын белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Ант берүү жана күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу аземинин соңунда төрагалык кылуучу депутат Шарапаткан Мажитова шайланган депутаттарга элдин, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү иштөөнү каалады.

Меню