Menu

ЖМК жөнүндө мыйзам

ЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты иштелип чыкты

Кыргызстанда президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунуштады. 56 беренеден турган документте буга чейин медиа коомчулук каршы чыккан талаптар дагы деле калтырылганы белгилүү болду.

Долбоордо веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тармактык маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө милдеттүү экени жазылган. Ал эми Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты болуп каттоодон өтүү үчүн Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине арыз берилери көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарын, ченемдик укуктук актыларын жарыялаган сайттар ЖМК катары катталбайт.

ЖМК ачылгандан кийин алты айдын ичинде иштеп башташы керек. Бул убакыт аралыгында эч кандай материал чыгырбаса, каттоо күбөлүгү жараксыз болуп калат.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон. Андан бери жумушчу топ эки эле жолу жыйынга чогулган.

Юстиция министрлиги ЖМК жөнүндө мыйзамдын долбооруна терс корутунду берди

Кыргызстандын Юстиция министрлиги президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду берди. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Документ айрым экспертизалардан өткөн эмес. Министрлик эксперттер мыйзам долбоордун кайсы бөлүгүнө макул болбогонун тактаган жок.
Буга чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президентке, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына, башкы прокурорго, ички иштер министрине, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрине кайрылуу жолдогон. Анда президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгиленген.
Мунун алдында Кыргызстандагы медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан Венеция комиссиясына кайрылып, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу корутунду алууну суранышкан. Он уюмдун жана кыркка жакын журналисттин атынан жолдонгон кайрылууда жаңы мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жарата турганы белгиленген.
28-сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган.

Ошондой эле маалыматтар каражаттары жөнүндө мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү максаты турганы, учурда күчүндө турган мыйзамда интернет аркылуу маалымат тараткан медиа каражаттарынын иши тескелбей калганы жүйө катары көрсөтүлгөн.

Меню