Menu

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш

ЕАЭБ: Кыргызстан кайрадан биримдиктеги тоскоолдуктарды атады

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Кеңири форматтагы жыйындын башында сүйлөгөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдикте товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын жана аны чечүүнүн механиздерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйынга чогулушкан. Ушул эле күнү аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгиледи. Мамлекет башчы артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигине көңүл бурду.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Меню