Menu

Жоломан Шаршенбеков

Олимпиадалык таймашта Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Бүгүн, 1-августта  Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында грек-рим жана кыз-келиндердин күрөшү боюнча мелдештер курч мүнөздө башталып,  килемде  кыргыз балбандары  Айпери Медет кызы менен Жоламан Шаршенбеков  өлкө намысын талашты.Бул бетешүүлөр тууралуу Токиодон олимпиадалык команданын басма сөз катчысы, спорттук ба.яндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Алгач “А” килеминде грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча Токио Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы, казакстандык Мейрамбек Айнагуловду эки мүнөттө мөөнөтүнөн мурда  8:0 эсеби менен ишенимдүү жеңди. 27 жаштагы Айнагулов деле оңой атаандаш эмес эле. Ал Дүйнө чемпионаттарынын күмүш (2017) жана коло (2019) медаль байге ээси болгон.

22 жаштагы Жоламан Шаршенбеков  2020-жылы Дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан.

Тилекке каршы Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда атаандашы Европа чемпиону, молдовалык Виктор Чобануга 9:0 эсебинде утулуп калды. Мурда Дүйнө кубогунун таймашында Жоламан бул жигитти утуп алгандыктан, өзүнө ишенип, каталыктарды көп кетирип койгондугун мелдешти көрүп жаткан КР эркин күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев айтып, эми Виктор Чобану кубалык аттаандашын жарым финалда утуп, финалга чыкса Жоламан коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алаарын  кошумалады.

Ушул 1-август күнү Токио олимпиадасынын  кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта күрөшүп жаткан Айпери Медет кызы алгачкы күрөшүндө атаандашы 2016-жылы Рио-де Жанейро Олимпиада оюндарынын коло байгеси, казакстандык балбан Элмира Сыздыкованы  6:1 эсеби менен далысын килемге таза тийгизип утуп, чейрек финалга чыкты. Кийинки  айлампада орусиялык Олимпиада чемпиону Наталья Воробьева менен күрөшүп, Айпери аны дагы  12:0 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн жандырган 22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси болуп саналат. Ошону менен бирге 2020-жылы Азия чемпиону аталып, Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Байгелүү орундар үчүн күч сынашуулар Токиодо кечки саат 18.00дө, бишкек убактысы боюнча түштөн кийин 15.00дө башталат.

Кыргызстандык балбандардын маанайлары, даярдыктары жакшы экенин башкы устаттар Азат Эркинбаев менен Нурбек Изабеков айтты.

Күрөш мелдештерин баштай турган балбандарга ийгилик каалап, сүрөөнгө алып туралы.

Токиодон пресс-атташе, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов

Меню