Menu

Жумабек Абиров

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абировго барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абировдон кабар алды.

Бакыт Төрөбаев ардагердин кандуу согушта көрсөткөн эрдигине жана баатырдыгына терең ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин 9-май – Улуу Жеңиш күнүндө төрөлгөнүңүз символикалуу. Бүгүн сиз 98 жаштасыз. Сизге чын дилимден чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайм. Биз сиздерге жана согуштун бардык катышуучуларына, тыл эмгекчилерине алардын каармандыгы жана өздөрүнө берилгендиги үчүн терең ыраазыбыз.  Силер жана эр жүрөктүк менен каза болгондордун бардыгы бизге бейпил жана бактылуу жашоону тартууладыңар. Сиз менин чоң атам Мелебай Төрөбаевдей Сталинграддын жанында согушкансыз. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын согуш ардагерлери азайып баратат, бирок алардын теңдешсиз эрдиктери түбөлүккө сакталат», – деди Бакыт Төрөбаев. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата ар бир ардагерге 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн КР Президенти 10 млн 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун кошумчалады.

Согуш ардагери Жумабек Абиров жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, келечек муун үчүн тынчтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен биздин балдарыбыз, неберелерибиз жана келечек муундарыбыз биз барган согуштун бардык коркунучтуу жана оор сыноолорун эч качан баштан кечирбесин каалайм. Элге тынчтык, биримдик гана керек. Элибиз, мамлекетибиз гүлдөп, өнүгүп-өссүн!», – деди ал.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абиров Жумабек 1924-жылы 9-майда туулган. Ал 1942-жылдан 312-аткычтар полкунун составында фронтто салгылашкан. Жумабек Абиров Жуков атындагы медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин айыл чарбасында иштеген.

Меню