Menu

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ)

CPJ уюму "Клоопко" басымды токтотууга чакырды

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды.

“Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Бийлик “Клооптун” сайты бөгөттөлөт деген коркутуусун токтотуп, “жалган маалымат” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарып, көз каранды эмес прессага каршы күчөп жаткан репрессияны токтотушу керек”, — деди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын “Клооп” (Kloop) басылмасы 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда “жалган маалымат” берилгени белгиленген.

“Kлооп” бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.

Ушу тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” да жабуу аракетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Садыр Жапаровду сөз эркиндигин чектеген мыйзамга кол койбоого чакырды

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жакында парламент кабыл алган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагып, аны артка кайтарууну сунуштады.

Эл аралык уюмдун маалымдашынча, бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн олуттуу коркунуч туудурат.

Кайрылууда кыргыз бийлиги журналисттерге каршы колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамдарды иштеп чыгуудан алыс болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) программалык директору Карлос Мартинестин айтымында, Кыргызстанда бул мыйзамды кабыл албаган күндө деле атайылап ойдон чыгарылган жалган ушактарды таратууну ооздуктоочу мыйзамдык механизмдер жетиштүү. Ошондуктан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорундагы мамлекеттик органдарга бериле турган ыйгарым укуктар көз карандысыз медиага каршы колдонулуп, сөз эркиндигин басмырлоого жол ачышы мүмкүн экени айтылат.

Жогорку Кеңеш 28-июлдагы кезексиз жыйынында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Мыйзам долбоорун 97 депутат колдоп, 5 эл өкүлү каршы болгон.

Алгач мыйзам долбоору парламенттин 30-июнундагы жыйынында өтпөй калган эле. Бирок аны 28-июлда кээ бир депутаттар кайра добушка салуу керектигин айтып чыгышкан.

Бул документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Ушул эле мыйзам долбоору буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” деп өзгөртүлгөн, бирок ал колго салганда парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу.

Меню