Menu

Жусуп Абдрахманов

Садыр Жапаров: Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү

«Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, чыгаан мамлекеттик ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер! Ардактуу агайын-туугандар!

Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп, бир катар иш-чараларды өткөрүп, көз карандысыздыктын маани-маңызын, аны бизге тартуулап, мурас кылган ата-бабалардын басып өткөн байсалдуу жолун барктап-даңктоого аракет кылдык.

Мына ушундай ары узак, ары татаал жолду басып өтүп, Мекенинин эгемендиги жана элинин эркиндиги үчүн каруусун казык, канын азык кылып, кийинки урпактарына керемет кыргыз жерин мурастаган кадимки Манас, Барсбек баштаган бабаларыбыз болгон! Алардын аттары узун элдин уучуна, кыска элдин кыйырына кыйла белгилүү. Жаралгандан эле куюлуштура сүйлөгөн, уйкаштыра ыр айткан элибиз алардын басып өткөн нарктуу жолун даңазалап ырдап олтуруп, каада-салт, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды – жалпы эле жашоо философиябызды чагылдырган ааламда теңдеши жок “Манас” дастанын кошо таберик кылып тартуулаган экен.

Мына ошол ата-бабаларыбыздын ыйык табериги болуп саналган улуу баян жаңырып жатканда, Айкөл Манастын “Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым!” деген сөздөрү ата-бабаларыбыздын мамлекет түптөөдөгү чеберчилиги, улут куроодогу тажрыйбасы гана эмес, биз үчүн айтылган керээз, бизге тагылган милдет, урпактардын алдына коюлган парздай сезилет. Байыркы бабалардын Байыркы бабалардын:”Бөлүнбө, кыргыз,бөлүнбө!” деге урааны деген урааны азыр дагы кыргыз аттуунун жүрөгүндө сыр болуп туюлуп, азыр дагы атуулдук аруу сезимди козгойт!

Мына ушундай мекенчил сезим канында ойногон Жусуп Абдрахманов атабыз өз кезинде бүткүл өмүрүн кыргыз улутун калыптандырып, мамлекет курууга арнаган тура. Жараткан Жусуп Абдрахмановдун маңдайына ушундай улуу вазыйпа менен кошо оор тагдырды дагы жазыптыр. Бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууну эңсеген, тээ алысты мелжеген Жусуп тагдырдын татаал сыноосуна моюн сунуп калбай, баштаган жолунан тайбай, акыры өлүмгө да тике караган экен.

Жашы жыйырмадан жаңы ашкан курагында эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө белсене катышкан Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө “жазмыштын буйругу менен эң улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калганын” терең канааттануу менен жазып, каниет айткан жери бар.

Ошону менен катар кезинде совет бийлигинин жол башчысы Ленин менен жолугушуп сүйлөшкөнү, батынып сүйлөмөк тургай, даап дартын айта албаган кадимки Сталиндин өзүнө эки жолу кат жазып, борбордук бийликтин туура эмес саясатын ачык айтканы Жусуп Абдрахмановдун көк жалдыгы эмей эмне!

Улуттук жетилүүнүн кайталангыс эволюциясына күбө болуп жатканына шыктанган, ошол эле кезде ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу, сүрөөнчүсү болгон Жусуп Абдрахманов ар бир ирмемди, ар бир күндү, ар бир окуяны көз жаздымда калтырбай тизмектеп, кагаз бетине түшүрүп калууга ашыкканы анын улуу ой-максаттарды көздөп жашаганын айгинелейт.

Жараткан ага советтик модернизацияны баштан кечирүү бактысын да буюрат. Бирок ал Өкмөт башчылык кызмат жөн эле кызмат эмес, аны менен бирге чанда бир келчү тарыхый роль жүктөлгөнүн аңдап, Кыргызстандагы ири өзгөрүштөр, экономикалык долбоорлор үчүн жанын сабап күрөшөт. Ошону менен катар, кесепеттүү натыйжаларга алып келчү айрым жат көрүнүштөр акыры келип өз башына тиерин туюп, көрөгөчтүк менен кооптонуусун да айткан.

Канткен менен элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү. Минтип айтканымдын себеби, ал киши 1930-жылдардын башында эле Кыргызстанды автономдук республикадан союздук республикага айлантуу идеясын көтөрүп, ошол мүдөөсүнүн жүзөгө ашуусуна түздөн-түз салым кошту. Биз, бүгүнкү муундун өкүлдөрү, Жусуп ата баштаган ошол замандагы аракеттердин, ошол доордогу курч күрөштүн жемишин көрүп жатабыз!

Урматтуу агайын-туугандар!

Жусуп Абдрахмановдой кеменгер инсаныбыздын жаркын элесин эскерүү жана анын 120 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги уюштуруу комитетти түзүп, бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырууга жетиштик.

Ушул жылдын 31-августунда Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген мамлекеттик эң жогорку наам ыйгарылды.

Муну менен биз кыргыз мамлекетүүлүгүнө негиз салып, жол чапкан Жусуп атабыздын арбагынын алдында бир эсе жеңилдеп, бир эсе парзыбыздан кутулгандай болдук.

Урпактарына улуу мурас калтырган, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калган адамдын кылымга тете эрдигин баалоо менин энчиме тийгендиги чоң сыймык экенин ар дайым айтып келем.

Эми Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесин өткөрүүнүн алкагында аткарылган иш-чараларга да азыноолак токтоло кетейин. Мамлекеттик архив агенттиги тарабынан Казакстан Республикасынын Президентинин архивинен, Алматы областынын Мамлекеттик архивинен, аудио-жазуу жана кинофотодокументтер борбордук архивдеринен Ж. Абдрахмановго тиешелүү 33 барактуу 13 документ, 33 фотодокумент табылып, санарип форматка көчүрүлдү. Орусия архивинин социалдык-саясий тарыхы жана Орусиянын мамлекеттик кинофотодокументтер архивинен 19 аудиовизуалдык документтин санарип көчүрмөлөрү табылып, сканерден өткөрүлдү. Ошондой эле, Москва шаарындагы Россия Федерациясынын мамлекеттик коомдук-саясий тарых архивинен Ж.Абдрахманов жөнүндө 155 баракта 39 архивдик документ табылды.

Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган “Ж. Абдрахманов” аттуу даректүү тасмасы өлкөнүн бардык аймактарынын кинотеатрларында акысыз көрсөтүлдү.

Ж. Абдрахмановдун өмүрүнө жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган  тарых илимдеринин доктору, профессор А.С.Ормушевдин жана тарыхчы В.Жумалиеванын “Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер” аттуу илимий китеби басып чыгарылды.

“Великий Жусуп Абдрахманов и его эпоха” документалдык жыйнагын басып чыгарууга Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 390 000 (үч жүз токсон миң) сом бөлүнүп берилди.

2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Комиссиянын кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып, колдоого алынган.

Чолпон-Ата шаарына Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, бул эс алуу багына Жусуп атабыздын айкелин ачуу пландалууда.

Ал эми бүгүнкү жыйынтыктоочу иш-чаранын алдында, кечээ жакында эле Абдрахмановдун урпактары менен чогуу Жусуп атабыздын күндөлүгүнүн түп нускасын улуттук Тарых музейине тапшырып бергендигиме өзүңүздөр күбө болдуңуздар. XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыяладым. Ошентип, Жусуп атабыздын күндөлүгү музейдин эң баалуу экспонатына айланды.

Дагы бир жакшы жаңылык: өз доорундагы ар бир окуянын маани-маңызын, анын ийгилиги менен кесепеттерин талдоого алган Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы басылып чыккандыгын сүйүнчүлөп айтып коёюн. Миллиондогон бейкүнөө азаматтардын башын жуткан сталиндик репрессиянын дал күчөп турган кези тууралуу жазылган айтылуу күндөлүктүн ошончодон жаалы катуу Иосиф Сталиндин так өз колуна түшүп калганы, анан ың-жыңсыз жоголуп кетпей сакталып калганы таң калтырчу дагы, тамшандырчу дагы окуя. Ал ортодо канча жылдар айланып, акыры аман-эсен колубузга тийгени – элибиз үчүн чен-өлчөөсү жок олжо. Күндөлүктүн саргарган барактарына, шурудай тизилген саптарына көз жүгүртүп отуруп, элибиздин алп уулунун санаасына өзүңдү санаалаш сезип, бир эсе каңырыгың түтөсө, бир эсе кол жазманын биздин күндөргө келип жеткенине шүгүр дейм.

Ошол эле маалда Абдрахмановдун кыска убакыт аралыгында улуттук республиканын чамгарагын көтөрүүнү көксөгөн аң-сезимге өсүп жетиши, республикачыл идеалдарды ыкчам өздөштүрүүгө багыт алышы, бир коомдук түзүлүштөн башка бир коомдук түзүлүшкө өтүүнүн түйшүгүн тартышы эмне деген жоопкерчилик, эмне деген кеменгерлик жана эмне деген эрдик!!!

Мына ушундай өзгөчөлүктөрү бар күндөлүктү биздин баа жеткис мурасыбыз, эң маанилүү саясий документтердин бири деп айтсак жаңылышпайм. Мен Кыргызстандын, кыргыз элинин атуулумун деген эр-азаматтар кыргыздын кылымда бир жаралган чыгаан уулунун жазгандарын аздектеп окуп, арбагына таазим этип жүрөрүнө бөркүмдөй ишенем.

3000 жылдык тарыхы бар, асты Манастай, арты Жусуптай эл баккан эрлери бар улуу элдин урпактарынан мындан ары дагы журт баштаар уул-кыздар өсүп чыкпайт деп ким айта алат! Ошондуктан Кыргызстан, кыргыз эли келечеги кең, өнүккөн мамлекетке айланат деп так кесе айта алам!

Жусуп Абдрахманов сындуу мамлекетти түптөгөн уулдары бар кыргыз эли бактылуу эл экенбиз.

Мезгилден учкул эмне бар! Бирок Жусуп Абдрахмановдой мамлекет түптөөчүлөрдүн өлбөс-өчпөс мурастары, Мекенине кылган ак кызматы, мекенчил улуу касиеттери биз менен чогуу жашап, кийинки муундарга өмүр сүрүүнүн жана эли-жери үчүн кызмат кылуунун бийик үлгүсү бойдон кала бермекчи.

Кыргыз мамлекетин аздектеп, баркына жетүү үчүн анын өткөнүн биле жүрүү жана келечсек муунга үйрөтүү – маанилүү мамлекеттик саясат. Алдыда Абдрахмановдун замандаштарынын, андан улуу жана кичүү муундун кыргыз мамлекетин түптөөдөгү ролун изилдөөнүн үлкөн милдети турат. Минтип айтып жаткан себебим, эмдиги 2022-жылы Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев сындуу кыргыз кыраандарынын Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгиленмекчи. Бул иш-чараларды жакшы деңгээлде өткөрүп алалы деген ниетибиз бар.

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын түптөп, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Жусуп Абдрахмановдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурасын аздектеп, сактайлы! Бекем ынтымак менен гүлдөгөн Кыргызстанды куралы!”.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында мамлекеттик кабыл алуу болду

Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү.

Эске салсак, 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларацияны кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү – суверенитет белгиленген.

1991-жылдын 31-августунда «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларациянын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Башмыйзамын) жетекчиликке алуу менен Жогорку Советтин кезексиз сессиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация» жөнүндө токтом кабыл алган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрайымы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.

Мамлекет башчысы иш-чарага келген меймандардын алдында сүйлөп жатып, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы Кыргызстан эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонуна токтолду.

Ал бүгүн улуттук маданий очоктордун бири болгон Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу жагдайда чогулуунун негизги себеби – 2021-жылдын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесин майрамдоо урааны менен өткөндүгүн баса белгилеп, кайсы-бир деңгээлде корутундулоо болуп саналарын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы Жусуп Абдрахмановдун жакындары тарабынан берилген мамлекеттик ишмердин күндөлүгүнүн түп нускасын Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна тапшырды.

Садыр Жапаров кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин кол жазмасы Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланып, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы улуттук таберик болорун белгиледи.

Андан соң мамлекеттик кабыл алуунун меймандарына баарлашып, пикир алмашууга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин колжазмасы тарых музейинин баалуу экспонаттарынын катарына киргенин жана мамлекеттин өзгөчө кайтаруусунда болорун белгиледи.

Мындан тышкары, Президент музейге «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-августунда Президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу (каза болгондон кийин) жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик тарыхый музейинин ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилек жазып калтырды.

Андан соң мамлекеттик кабыл алуунун меймандарында өз ара баарлашып, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин экспонаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду.

Жусуп Абдрахмановго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

2021-жыл 31-август
Меню