Menu

Жылдыз Бакашова

Вице-премьер Жылдыз Бакашова, министрлер Дастан Догоев, Асел Чынбаева, Кайрат Иманалиевдер кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, Мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Министрлер Кабинетинде билим берүү объектилеринин күз-кыш мезгилине даярдыгы маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы маселеси боюнча жумушчу кенешме өткөрдү.

Кенешменин жүрүшүндө билим берүү объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде жылытуу тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана каржылоо маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, күз-кыш мезгилинде билим берүү уюмдарына жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек жана бардык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы зарыл.

Кеңешменин катышуучулары күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат беришти, атап айтканда, жылытуу тутумдары ондолуп, жергиликтүү бийлик органдары тараптан көмүр сатылып алынууда.

«Жылытуу тутумдарын козөмөлдөө жана каржылоо иши жергиликтүү бийлик органдарынын милдетине кирет жана алар мектептердеги отказандарды даярдыктан өткөрүп, аларды 1-ноябрга карата тийиштүү түрдө өткөрүп бериши керек», – деди Жылдыз Бакашова.

Министрлер Кабинетинде Афганистандын Кичи Памириндеги этностук кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова афган-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп, Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу жайгашкан Афганистандын Кичи Памириндеги этностук кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары угулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Өкмөтү жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы менен биргеликте афгандык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын аймагына эвакуациялоо боюнча тийиштүү иш алып барууда. Кыргыз Республикасы аларды кабыл алууга даяр.

Кеңешменин жыйынтыгында компетенттүү мамлекеттик органдарга этностук кыргыздарды эвакуациялоо, көчүрүү үчүн жерди даярдоо, зарыл инфраструктураны түзүү, аларга медициналык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жыйындысын иштеп чыгуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздарга «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык гуманитардык уюмунун линиясы аркылуу медициналык жардам көрсөтүү маселелесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Республикалык штаб: Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык мекемелердин айрым корпустарын бошотуу, 118 номерлүү кызматтын ишин өркүндөтүү, амбулатордук деңгээлде диагностикалык жана дарылоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды аныктоо жана кайра жиберүү үчүн бөлүштүрүү пункттарын уюштуруу, ошондой эле медициналык мекемелердин жана жеке лабораториялардын биргелешкен иши жөнүндө маселелер талкууланды.

“Коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны тез өсүүдө. Эч ким былтыркы жылдагы экономикалык ишмердүүлүктү чектөө, ошондой эле жарандардын өлүмгө учуроо деңгээли боюнча сценарийдин кайталанышын каалабайт. Бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүлөрү зарыл. Саламаттык сактоо системасы бейтаптардын саны дагы өсүшүнө даяр болушу керек. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алышы зарыл. Республикада дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, дарыкана тармактарында жана саламаттык сактоо уюмдарында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү запасы болушу керек. Бул маселелер туруктуу контролдо болууга тийиш”, – деди Жылдыз Бакашова.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

– Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте электрондук саламаттык сактоо системасын ишке киргизүүнү, дары-дармек каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча улуттук маалыматтар базасын, ошондой эле коронавирус оорусунан айыккан бейтаптардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тездетсин;

– ооруканаларда кошумча керебеттерди жайгаштырууда реанимациялык бөлүмдүн милдеттүү болуусу менен өзүнчө корпусту же имаратты бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын;

– облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо үчүн өз алдынча саламаттык сактоо мекемелерин, ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоо үчүн гемодиализ борборлорун аныктасын;

– Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте 118 номерлүү кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын (зарыл болгондо кызматкерлердин санын көбөйтүү менен);

– шаар жана облустардын аймактарында күндүзгү же күнү-түнү иштөөчү стационарларды ачуу учурунда кире бериште медициналык персоналдын тийиштүү штатын камсыз кылуу менен бөлүштүрүү зоналарын милдеттүү түрдө уюштурсун;

– 10 күндүк мөөнөттө медициналык мекемелер менен жеке лабораториялардын ортосунда келишимдик мамилелерди түзүү жөнүндө маселени иштеп чыксын;

– вакцинациялоо темпин күчөтсүн.

Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына рейддик иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүү тапшырылды.

Меню