Menu

Жээнбек Кулубаев

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун мүчөлөрү менен жыл сайынкы жолугушуусу болду

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун мүчөлөрү менен жыл сайынкы жолугушуусу болду.
Жолугушуунун максаты – чет мамлекеттердин элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине 2022-жылдагы тышкы саясий ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан коюлган негизги тышкы саясий тапшырмалар менен тааныштыруу болду.
Өз билдирүүсүндө Министр Ж.М. Кулубаев дипломатиялык корпустун мүчөлөрүнө Мамлекет башчысынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты ырааттуу, алдын ала айтууга боло турган, прагматикалык бойдон калгандыгы, көп тараптуу жана эки тараптуу дипломатиянын алкагында улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталгандыгы тууралуу билдирүүсүн эске салды. Бул биринчи кезекте мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо, финансылык жана экономикалык туруктуулукту, азык-түлүк жана энергетикалык өзүн-өзү камсыздоо маселелерине тиешелүү. Муну менен катар КР Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси элчиликтерди жана эл аралык уюмдарды мамлекет башчысынын «жашыл» демилгелерин, өзгөчө тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорго алмаштыруу жаатында колдоого чакырды.
Жолугушуунун соңунда тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси элчилерге жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине эки тараптуу саясий мамилелерди чыңдоо жана көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Министр Ж.М. Кулубаев ошондой эле чет элдик дипломаттарды Жаңы 2023-жыл менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

ТИМ: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө позитивдүү жылыш бар

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө былтыр жыл соңунда позитивдүү бурулуш болгонун бүгүн 18-январда “Биринчи радионун” түз эфирине сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабарлады.

Министр ортодогу мамиле жакшы жакка бурула баштаганын белгилеп, сүйлөшүүлөр быйыл да активдүү уланарына ишенимин билдирди:

“Тажикстан менен мамилелерибизде бир топ татаал мезгил болду. Сентябрдагы агрессия… Андан кийин биз узак бою жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Азыр абал бир аз жакшыра баштады. Тарыхтан калган чек ара сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарыш керек деген өз ара түшүнүү тажик жакта да, биз жакта да бар. Эң негизгиси – чек ара тилкесинде тынчтык жана ишеним орнотуу. Былтыр жыл аягында жакшы, позитивдүү жакка жыла баштадык, быйыл бул маселе активдүү уланат деген ойдомун”.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин бири айыптаган.

КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды

Бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынын алкагында Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды.

Тарыхый-маданий комплексте Ж.Кулубаев Даңк аллеясы менен Ататүрктүн күмбөзүнө барып, анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Түркия Республикасынын биринчи президентинин урматына бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.

Ошондой эле, министр Ж.Кулубаев Аныткабир күмбөзүнө барып, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Минакши Лекхи менен жолугушту

11-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келген Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Минакши Лекхи менен жолугушту.
Министр Ж.Кулубаев Минакши Лекхи айымды Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.
Ал ошондой эле Индиянын бай жана байыркы маданиятын белгилеп, индиялык тараптын Кыргыз Республикасында Йога борборун ачуу ниетин кубаттап жана индиялык делегациясын жыл сайын 21-июнда дүйнөдө белгиленүүчү Эл аралык йога күнү менен куттуктады.
Ж.Кулубаев кыргыз-индия мамилелери достук жана жакшы маанайда өнүгүп жатканын, Кыргызстан менен Индия эки тараптуу жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенип, бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашканын белгиледи.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия-Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө аракеттерин колодоп кубаттады.
Өз кезегинде Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Минакши Лекхи эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Инвестиция, медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарында, анын ичинде жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу кыргыз-индия мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантууну макулдашышты.

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарында өтүүчү ТМКК 8-саммитине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11-12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, алдыда өтүүчү Саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле, түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык документин, ошондой эле Уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер кабыл алынат.

Жаңы аталыш Уюмдун эл аралык аренадагы көз карашын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, анын ишмердик чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында Уюмдун жетинчи Саммити алкагында Казакстандын Туңгуч Президенти, ТМКК ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген «Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга чейинки келечеги» тууралуу чечимге кол коюу пландалууда.
Аталган стратегиялык документ дүйнөнүн акыркы чакырыктарын жекече жана жамааттык түрдө чечүүдө ага мүчө-мамлекеттердин потенциалын колдоо үчүн негиздерди иштеп чыгууга багытталган.
Учурдагы кызматташтык деми ар бир мүчө-мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү стандарттарын камсыз кылуу боюнча негизги максаттарына жетүү үчүн колдонулат.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык (ЖККУ) коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-ммалекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында, Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Жыйыныктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлөт.

Андан соң 17-сентябрда Тажикстан Республикасынын төрагалыгында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

ШКУ отурумунун күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.

Афганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат. Ошондой эле саммит талааларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

«Аны менен бирге, Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн көп тараптуу аянтчалар алкагындагы кызматташууга чоң маани берээрин белгилейбиз.
Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири», — деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.

Меню