Menu

Жөлөк пул

Кыргызстанда “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу айрым үй-бүлөлөр үчүн жеткиликсиз бойдон калууда

Кыргызстанда минималдуу киреше боюнча чектөөлөрдөн улам мамлекеттик “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу айрым үй-бүлөлөр үчүн жеткиликсиз бойдон калууда. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын 2022-жыл үчүн баяндамасында айтылат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө тургундар минималдуу киреше боюнча чектөөлөрдөн улам мамлекеттик “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала албай жатышканын айтып нааразылыктарын билдиришкен.

Ага себеп, КРнын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” №307 токтомуна ылайык, эгерде үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө киреше 1 миң сомдон ашса, мамлекеттик жөлөк пулду дайындоодон баш тартылат.

Тактап айтканда, жолугушууда жергиликтүү тургундар иш жүзүндө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдары төмөнкү себептерден улам негизсиз жана орунсуз четке кагылып жатканын билдиришкен.

“Эгер жашы жеткен балдары бар үй-бүлө үйдүн ээси болуп саналган, пенсия алган улгайган ата-энелери менен чогуу жашаса, анда бул жерде үй-бүлөнүн жеке турак- жайы жана кирешеси жок экендиги эске алынбайт. Эгерде ата-энесинин бири чет өлкөгө кеткен болсо, социалдык кызматкерлер тарабынан ата-энеси жумушка орноштубу же жокпу, мындай маалыматтар такталбаса, жөн гана чет өлкөгө чыкты деген жүйө менен жөлөк пул чегирүүдөн баш тартылат. Иш жүзүндө жөлөк пул көбүнчө туруктуу жашаган жери боюнча берилет, ошол эле учурда ижара үйдө же батирде жашаган жарандар, башка үйгө ижара шартында көчүп кетсе, маалымат такталбастан, жөлөк пул токтотулат. Ошондой эле, батирде ижарада жашаган жарандарды каттабай жаткан жагдайларлар эске алынбайт. Көп учурда ижарага алып батирде турган, аймактардан келген жарандар жөлөк пулга муктаж болушат. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна муктаж жарандарды аныктоодо, белгиленген кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом болуусу жашоо минимумуна туура келбейт”,-деп айтылат Акыйкатчынын баяндамада.

Акыйкатчы институтуна 2022-жылы жөлөк пул маселеси боюнча жарандардан 28 кайрылуу келип түшкөн.

Акыйкатчы институту өткөргөн териштирүүнүн жыйынтыгы менен айрым үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулга болгон укугу калыбына келтирилди.

Эскерте кетсек, КРнын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматын таянсак, калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун өлчөмү 2022-жылы – 7178,32 сомду түзөт.

Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Калктын аялуу катмарларын, анын ичинде бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (18 жаштан жогору) баккан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-июнунан тартып:
    1) мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтсүн:
    – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин;
    – жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
    – жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
    – жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
    – ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
    – баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
    – улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
    2) бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү киргизсин;
    3) ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;
    4) 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;
    5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрсүн.
Меню