Menu

Зардалыда интернет

Кыргызстандын эң алыскы Зардалы айылы интернетке туташты

Баткен облусунун тоо боорундагы алыскы Зардалы айылына интернет орнотулду. Аны Кыргыз Интернет Коому ишке ашырып, уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин «Зардалыда интернет абдан жакшы ылдамдыкта иштеп жатат, жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок» деп билдирди.

Зардалы Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок экенинен сырткары, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда Зардалынын тургундары байланышсыз калып, өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардамга жете албай, кээде аялдар төрөтканага жетпей жолдон көз жарган окуялар катталып турат.

UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Кыргыз Интернет коому Зардалыда алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат.

Бул аркылуу Кыргыз Интернет Коому UNICEFтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында Жашыл экономиканы колдонуп, мектептерге электр жарыгын, интернетти туташтырып, туруктуу өнүгүүнүн жаңы моделине аракет жасоодо.

Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан.

Биз жергиликтүү акимиатка, чек ара кызматына, UNICEF уюмуна жана Интернет коомунун (ISOC) Башкы кеңсесине ыраазычылык билдиребиз.

Меню