Menu

Зульфия Давлатзода

Тажик бийлиги Чыңгыз Айтматовдун романы боюнча коюлган "Маңкурт. Реквием" спектаклине тыюу салышты

Тажикстандын Маданият министрлиги Душанбеде Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде даярдалган “Маңкурт. Реквием” спектаклинин коюлбай калганы боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззаковдун “Маңкурт. Реквием” спектакли быйыл 20-майда Душанбедеги “Падида” театрында коюлушу керек болчу. Бирок 19-майда бийлик көрсөтүлөрдүн алдында спектакль көркөм кеңеш тарабынан жактырылышы керектигин айтып, аны коюуга уруксат берген эмес.

Тажикстандын маданият министри Зульфия Давлатзода көркөм кеңеш спектаклди июнь айында көрүп чыкканын жана терс корутунду чыгарганын билдирди.

“Режиссер романдын автору Чыңгыз Айтматовдун текстинен четтеп, ага өз кошумчасын киргизип, чыгарманын мазмунун бурмалаган. Мындай формадагы жана мазмундагы спектакль өлкөнүн азыркы ички жана тышкы саясатына туура келбейт. Мындан тышкары өсүп келе жаткан муунга билим берүү жана тарбиялоо максатында колдонууга болбойт. Ушул себептен көркөм кеңеш спектаклди жактырган жок”, – деди Давлатзода.

Өз кезегинде режиссер Барзу Абдураззаков Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын мазмунун өзгөртпөгөнүн, болгону окуяны жана каармандарды Тажикстандагы чындыкка тууралаганын билдирүүдө.

“Биз чыгарманы Тажикстандагы чындыкка ылайыктап, тажик аялы менен анын маңкурт-уулунун трагедиясы жөнүндө сюжет кылдык. Биз саясатка таптакыр аралашкан жокпуз. Чыгармага тажиктердин улуттук иденттүүлүгү жагынан карадык. Маңкуртчулук – азыр биздин элдин эң маанилүү көйгөлөрүнүн бири деп эсептейм. Бийликтин спектакль ички жана тышкы саясатка туура келбейт дегени орустар таарынып калат деп коркуп жаткандагысы”, – деди режиссер.

“Манкурт. Реквием” – Барзу Абдураззаковдун акыркы бир нече жылдан берки Тажикстандагы алгачкы режиссердук эмгеги. Андагы ролдорду жаш актерлор, анын ичинде жакында эле камакка алынган блогер Далери Имомали да аткарышы керек болчу.

Тажик бийлиги 2009-жылы Барзу Абдураззаковдун “Безумие. Год 93-й” спектаклин да коюуга уруксат берген эмес.

Барзу Абдураззаков буга чейин бир канча убакыт Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда иштеген. 2013-жылы Кыргызстанга келген Абдураззаков эки жылдан кийин өлкөнүн мыкты театралдык режиссеру деп табылган. 2017-жылдан бери режиссер негизинен Казакстанда иштеп келген. Кезинде Хожент облустук театрында жана Душанбедеги Жаштар театрында башкы режиссер болуп иштеген.

Меню