Menu

Игорь Краснов

Орусиянын прокуратурасы КМШ жарандары орус армиясына каршы согушуп жатканына тынчсыздануусун билдирди

Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов мурдагы советтик өлкөлөрдүн жарандары Украинада орус армиясына каршы согушуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

“Озоди” радиосу маалымдагандай, 26-июлда Душанбеде Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон менен жолугушуусунда Игорь Краснов жалданма согушкерлерди тартуу жана Украинаны курал-жаракка “шыкоо” КМШга чоң коркунуч жаратарын айтты. Красновду ошол эле күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Красновдун: “Украинадагы согуштан улам пайда болгон кырдаалда коркунучтар көбөйүүдө. Бүгүн биздин өлкөлөр жаңы, өтө кооптуу коркунучтарга туш болууда. Алардын арасында КМШ жарандарынын согуштук аракеттерге жалданып катышуусун, курал-жаракты, ок-дарыларды, маңзаттарын жайылтууну атайт элем”, – деген сөздөрүн келтирет.

Орусиянын өкүлү бул коркунучтар менен күрөшүү үчүн КМШнын тартип коргоо органдары кызматташтыкты замандын талабына ылайык жүргүзүүгө тийиш деп кошумчалады.

Тажикстан тарап мындай сунуштарга эмне деп жооп бергени белгисиз. Сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат расмий таратылган жок.

Орусия Украинага кол салгандан бери Душанбе согушка байланыштуу өз позициясын билдире элек.

Маалымат каражаттарына анда-санда чыккан кабарлардан тажик жарандары Украинанын жана Орусиянын тараптарында согушкан учурлар жок эмес деп баамдаса болот.

Тажикстанда чет өлкөдө согушка катышуу оор кылмыш деп эспетелгени менен, бийлик жогоруда сөз болгон жарандар тууралуу үн ката элек.

Меню