Menu

Идирис Кадыркулов

Идрис Кадыркулов, элчи: "Украина тарапта согушка катышып жаткан кыргызга аскердик иш-аракеттерге катышпоо керектиги бир нече жолу эскертилген"

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов бул өлкөдөгү согушка катышканы айтылган кыргызстандык жаран тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү жазды.

Ал элчилик Украинанын аймагындагы кыргызстандыктар тууралуу кабардар экенин, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иш козгогон адам тууралуу да толук маалымат бар экенин белгилеген.

“Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Ал жаран аймактык коргонуу кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөнү билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген”, – деп жазган элчи.

УКМК кыргызстандык жарандын Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармактардагы баракчасын тапканын 14-майда маалымдаган. Атайын кызмат аккаунттун ээси 2021-жылы Украинага эмгек миграциясына чыгып кеткен Кыргызстандын К.у.А. аттуу жараны экени такталганын жана ага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы”) кылмыштын негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Киев орус күчтөрү 24-февралда Украинага басып киргенден бери Орусия 25 миңден ашуун аскерин жоготконун кабарлаган. Москва оор жоготууларды моюнга алганы менен өлгөндөрдүн так санын атай элек.

Согуш башталгандан бери Украинанын аймагында Орусиянын жарандыгын алып, армияда кызмат өтөгөн үч кыргызстандык каза болду. Алардын сөөгү Кыргызстанда орус желеги менен жерге берилгени коомчулуктун сынына кабылган.

Меню