Menu

Илмира Алпысбаева

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президенттен аны үй камагына чыгарууну өтүндү

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну өтүнүп, жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Анын кайрылуусу Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жарыяланды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылышыңызды тизелеп туруп, суранам. Мен күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү өтүнөм. Анын ден соолугу азыр абдан начар. Аны мындай абалда камакта кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Ал үчүн мен жанымды берүүгө даярмын. Анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес. Анын катуу жүрөк оорусу бар, кан басымы да жогору”, – деп жазылган Илмира Алпысбаеванын кайрылуусунда.

Президент Жапаров соңку маегинде Бөлтүрүк таза иштегенге убада берип, чечимдерди өзү кабыл алып келгенин, эми анын ишине сот гана чекит коёрун айткан болчу.

Теңгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр экенин октябрь айынын башында абактан жазган катында да билдирген.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” акча кымырган коррупциялык ишке байланыштуу камалганын 13-сентябрда билдирген. Аны менен кошо жабдуу бөлүмүн башчысы Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Ага байланыштуу үч кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 3-октябрда доо-арыздын негизинде анын бөгөт чарасы шаардык сотто каралып, буга чейинки чечим күчүндө калтырылган. Бөлтүрүк учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Бөгөт чарасын тандоо үчүн сотко алып келгенде Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин, бирок кол астындагыларды көзөмөлдөй албаганын айткан.

“Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менин жумушум абдан көп эле. Ошондуктан бардык жумушчу жараянды көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чынында эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Бирок мага жок жерден эле айып коюлуп жатат. Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай пара алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын. Мейли, бардык документтерди, катышуучуларды аягына чейин териштирсин. Анткени менин кол астымда көп адам иштеди. Камсыздоо бөлүмүнүн директору бар, ошол маалда камсыз кылуу жагын аткаруучу директор карап жаткан. Финансы директору да бар эле”.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Меню