Menu

Иманкадыр Рысалиев

Иманкадыр Рысалиев: Украина сабактары

Биз Укранинадагы абалга сүңгүп кирип карабай эле коелу, анткени биздин өлкө нейтралитет шартында жашап, иштеп, күнүн көрүп жатат. Биз таасир эте албаган азыркы мындай шарт-жагдайлар менен эсептешип жашашыбыз керек болуп турат. Андан көрө өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз тууралуу сүйлөшөлүчү… Украинада болуп жаткан окуялар бүт дүйнө жүзүнө жана өзгөчө бизге армиянын өзгөчө ролун жана маанилүү экенин көрсөтүп койду. Тажикстан менен болгон биздин чек арада болуп жаткан кагылышуулардан улам, биз дайыма аскердик даярдыкта турууга аргасыз болуудабыз.

Мындай кырдаалда биз кандай аракеттенишибиз керек жана  эмне кыла алабыз?

Россия менен Украинанын ортосундагы курчуп бараткан абал жана анын масштабдары күчөгөндөн күчөп, учурда сен жок кылбасаң, сени жок кылат! деген миң жылдык согуш логикасы иштеп баштады. Россия 40 өлкөдөн турган коалиция менен күрөшүп жатат, бул өлкөлөр өздөрүнүн демократиялары, өз жашоо мүнөздөрү үчүн жана эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрүү менен жеткен дүйнөлүк тартиби үчүн күрөшүп жаткан, эң бир өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. Же ушундай жагдай түзүлүп калдыбы, же эки славян өлкөсүнүн саясатчыларынын амбицияларынанбы, айтор, азыр батыш жамааты Россия менен Украинанын аймагында согушуп жатат, анын жарандары  курмандыкка чалынып жатат. Украинага уламдан улам көптөн берилип жаткан курал-жарак аны Россиянын чектерине улам жакындап бараткан чөкпөс кемеге айландырып койду. Эгерде НАТО Украинадан орустарды сүрүп, аны коргоп кала алса, анда калп эле коргоочу деп аталган альянстын ракеталары Россиянын борбор аймактарына тез арада эле учуп жете турган жакындыкта жайгаштырылып калышы ажеп эмес. Мындай каршылаш жагдайда андай же мындай деш кыйын, анткени согушуп жаткан тараптар кайта турган чектен өтүп кетип, ядердик согуштан баш тарта албай, ал эмес андан ары дүйнөлүк ядердик апокалипсисти да токтото албай калышы мүмкүн болот …

  • Украина учурда 40 өнүккөн өлкөнүн экономикасы колдоп турган регионалдык аскердик державага айланып калды, эми бул жагдайда коррупцияга аралашып калган армия – бул ишенимсиз коргоочу, ишке жарабай турган жоокер болуп калаарын моюнга алыш керек.

Биринчи сабак: биздин кичинекей өлкөбүздө армияда коррупция болсо, анда Кыргызстан мамлекет катары жок болот дей бериңиз! Бул маселе өтө орчундуу орунда туруп, ага жараша армияда коррупциянын болбошу үчүн эң катаал чаралар көрүлүшү кажет. Азыр геосаясаттык дүйнө тез арада эле өзгөрүлүп, жаңы дүйнөлүк тартип орноп жатканын эске алсак, айрым мамлекеттерди башкалары жутуп алып, алардын жок болуп кетиши – бул эзелтен келе жаткан тарыхый практика болуп эсептелет. Биринчи кезекте бийлик институттарын жана күч түзүмдөрүн коррупция баскан мамлекеттер урап, жок болот.

  • Анализдер көрсөткөндөй, азыркы учурда биз да, үй-бүлөлүк клан башкарган Тажикстан да Афганистан менен болгон чектерибизде россия дивизиясына ишенбешибиз керек, алар кубаттуулуктарын каалаган маалда Украинага жөнөтүп жиберсе, Американын аскери жыйырма жыл күрөшүп жеңе албаган афган Талибандары менен өзүбүз жекеме – жеке калып кетебиз. Учурдагы абалда афган Талибанынын идеологиясы жана мамлекеттик түзүлүшү эч бир кыйынчылыксыз эле Тажикстанга кирип келет. Мунун себептери эң жөнөкөй, үй-бүлө кланынын башкаруусу кандай болбосун мамлекеттин пайдубалын бошоңдотуп коет. Бул тенденция бизге да түздөн-түз тиешелүү…

Талибандын күчү эмнеде?

Коррупциянын жоктугунда, адилеттүүлүккө болгон ишенимдин күчтүүлүгүндө жана катаал аскердик тартипте. Биз буга каршы эмнебизди кое алабыз? Талибанга бир гана нерсе каршылык көрсөтө алат, ал: армия менен элдин биримдиги. Эгерде тажик Талибаны кол сала турган болсо, биз аз убакыттын ичинде окутулуп, даярдалган элибизди мобилизациялоого жана куралдандырууга жетише алгыдай чараларды мамлекет иштеп чыгып берүүгө милдеттүү. Демек, бизде аскердик окууларды гана өткөрбөстөн, резервисттер менен тынымсыз иш алып баруу кажет.

Армия бул мамлекеттин кузгүсү, жүзү, өзүндүн армиянды камкордукка алып, бага албасан, бирөөнүкүн багууга туура келет. Бул элдик накыл кылымдар бою тастыкталып келген, а бүгүн болсо болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турган чагы.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр: Путин Украинаны бириктирди…

Украина эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жыл ичинде анын бир да президенти биримдикке келтире албаган өлкөнү Россиянын Президенти бириктирип койду – учурда Украинанын эли болуп көрбөгөндөй ынтымактуу биримдикке келди!
Президент Путин азыркы аткарылып жаткан атайы согуш аракеттеринен ушундай натыйжа болот деп ойлоду беле? Ал орус армиясы толук масштабдуу согуш аракеттерине өтүүгө аргасыз болоорун жана Украина тарапта анын мекенге күйгөн жарандары тураарын биле алды беле? Путиндин аналитиктери Украинада болуп жаткан аргасыз согуш аракеттери Россиянын жарандарынын кыжырын кайнатаарын алдын ала аңдай алышты беле? А бул Россиянын ичинен жарылып кетиши мүмкүн болгон күчтүү
мина да, аны Россиянын душмандары эң жакшы билип турушат.
Учурдагы түзүлгөн мындай татаал кырдаалда Кыргызстан өз позициясын бирөөнүн ою менен эмес, катаал саясий-тарыхый зарылдыкты көкүрөккө түйүп туруп аныкташы керек. Россия менен иштеп жаткан мигранттарыбыздын, бизнесмендерибиздин жана
фермерлерибиздин кызыкчылыктарын эстен чыгарбашыбыз керек.
Бүгүнкү күндө биз глобалдык геосаясат жөнүндө эмес, жон терибизди сактап калуу жөнүндө ойлонушубуз керек. Россия кыйынчылыкка дуушар болсо, анда бизге да кыйын болоорун унутпаш керек. Анткени биздин киндигибиз бир, бир кемеде баратабыз. Россия менен биргеликте гана ушул кыйынчылыктарды жеңип, учурдагы түзүлгөн мындай дүйнөлүк татаал абалдан татыктуу чыгып кете алабыз.
Башаламан токсонунчу жылдардагы кырдаалдан аман чыккан кыргыз эли муну да жеңебиз.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Ооганстанда Талибан жеңди, эми эмне болот?

Бүгүнкү күндөрдө бүт дүйнө жүзү америкалыктардын Афганистандан уят болуп качып чыкканын көрүп турду. Жыйырма жыл бою Америка Талибанды жеңүү аракетинде болду, жыйырма жыл алар афган мамлекетин жана армияны Америкалык стандарт менен курду, бирок жыйынтыгында эмне тапты? Алар курган Марионетка өкмөт бат эле кулап түштү…

Дүйнө коомунун алдында көптөгөн төмөнкүдөй суроолор жаралууда:

  • Эмнеге бул окуялар тез арада болуп кетти? Америкалык салык төлөөчүлөрдүн үч триллиондон ашык доллары кантип жана каяка сарпталды. Ал эми Американын өзүндө конгрессмендер бул суроону башкача коюшууда… Американын салык төлөөчүлөрүнүн акчалары ким тарабынан, кантип жана качан уурдалды?! Бул маселе биздин Кумтөр сыяктуу көпкө чейинки талаш-тартыштын себепкери болот.
  • Эмне үчүн дал ушул жалгыз Талибан кыймылы ооган жерин америкалык оккупациядан бошотуучу боло алды?
  • Эмне үчүн Афганистандын калкынын көпчүлүгү каттуу Ислам тартибин кармаган Талибанга колдоо көрсөтүүдө?
  • Талибан мурдагыдай эле аялдырдын билим алуусуна жана алардын үйдөн эркек адамсыз, паранжасыз чыгуусуна тыйуу салабы?
  • Негизи эле эркиндикти сүйгөн Афганистанда Ислам эмираты деген түшүнүк иш жүзүндө эмнени билдирет?
  • Талибан Орто Азия өлкөлөрүнө курал менен кирип келбейт, бирок Орто Азиянын жана Россиянын мусулмандарына өз идеологиясын жайылтууга аларга ким тоскоолдук кылат?
  • Эмне үчүн дүйнөлүк гегемондун ролун аткаргысы келген Америка жыйырма жыл бою диний Талибанды жеңе алган жок?

 Ушул сыяктуу суроолорго толук жана акыркы жоопторду дүйнө жүзү жакынкы убактарда алат…  Бирок бүгүн эле буларга айкын жооптор бар десек болот:

  • Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчаларын башаламан сарптаган афган марионеткалык режиминин, ошондой эле Америкалыктардын өзүнүн ичиндеги жедеп жайылып кеткен коррупция, алардын согушта утулганы, бийликке жана окупанттарга афган элинин нааразычылыгы.
  • Караламан калктын жашоосу акыркы 20 жылда жакшырган жок, бийликтегилердин жана саясатчылардын аз гана тобу байып, акчаларын Афганистандан чыгарып кетишти.
  • Талибандын идеологиясы Рахмондун жана диктатор Түркмөнбашынын үй бүлөөлүк, кландык режимдерине эң чоң коркунуч келтирет. Эч бир армия диктаторлорду адилеттүү бийликке зар болгон калкынын нааразычылыгынан сактап кала албайт.
  • Азыркы кыргыз бийлигиндегилер жөнөкөй бир чындыкты түшүнүп алуусу кажет – Тажикстан буфер катары бизди Талибандан сактап бере албайт, эртең эле тажик Талибаны биздин чек араларга жетип калышы мүмкүн…
  • Мына ушул биз үчүн эң чоң коркунуч, мындан бизди куралданган эл гана сактап кала алат, бирок эл дагы да болсо өкмөтүнө ишенип отурат.
  • Баткен облусунан аскердик кызматка чакырыла турган Эр азаматтардын бардыгы кыргыз-тажик чек арасына, өз айылдарында кызмат өтөөгө жөнөтүү, мөөнөтү аяктаган соң контракттык негизде кызматын улантуу маселелеринин үстүнөн бүгүндөн баштап иштөө зарыл. Чек арадагы коргонуу отряддары заманбап курал-жарактар менен камсыздалышы керек.
  • Үч революцияны баштан өткөргөн кыргыз эли кошуна мамлекеттерге караганда элге курал берүүдөн коркпойбуз, биз ушунубуз менен күчтүүбүз.
  • Бийликтегилер элибиздин бийликтин адилеттүүлүгүнө жана тазалыгына болгон ишенимин сактоосу зарыл… Эгерде бул ишенимди жоготуп алса, анда муну менен Кыргызстандын эртеңки жаркын келечегине болгон ишенимин жоготот, анан өлкөбүздүн афгандашып кетүүсүнөн сактоого кепилдик жоголот.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

2021-жыл 17-август.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр: Афгандыктар бири-бири менен согушуп жатышат… Ал эми америкалыктар өз максатына жетишти

Бул окуялар америкалыктардын башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнүн кезектеги ишке ашырылган фактысы жана американын тышкы саясатынын кезектеги курмандыгы болду.

Америка дипломатиясынын түпкү максаттарын түшүнүш үчүн, акыркы он жыл ичиндеги окуяларды талдап көрсөк жетиштүү болот… (1) бөлүп ал да бийлей бер, (2) башкаруу мүмкүн болгон хаос теориясынын иш жүзүнө ашырылганы, (3) согушуп жаткан эки тарапка тең курал жеткирип берүү, (4) өлкөлөрдүн жаратылыш ресурстарын дээрлик бекер алып кетүү. Акыркы он жылда… Ирак, Ливия, Сомали, Ливан, Афганистан, Украинаны мисал кылып карасак болот. Бул өлкөлөрдүн баары тең же өлкө ичинде согушуп жаткан, же ыдырап аткан, ошондой эле жерлеринен ажырап жатышат, бийлик үчүн бүтпөс согушту улантышып, анан «улуу» америкалыктардан кайра-кайра жардам сурап жатышат.

Бул нонсенспи?! Жок! Жок, бул гегемондун катаал жана мыкты ойлонулган саясаты … Максаты эмне? Мүмкүн болушунча, көпкө чейин гегемон болуу! Мында Американы күнөөлөшкө болобу? Жок, болбойт… бирок бул жөнүндө билип коюу абзел. Анткени америкалыктар политтехнологиянын элементардуу жөнөкөй ыкмаларын колдонушат, бийликтеги коррупционерлерге, саткын саясатчыларга, калктын сабатсыздыгына таянып иш жүргүзүшөт, демократиялык өлкөдөгү сырты жалтырак, ичи калтырак кооз жашоо менен азгырышат, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн мыкты-мыкты акылдууларды жана эң бир эпчил, демилгелүү адамдарды алып кетип жатышат. Аталган өлкөлөрдүн бийлик башындагылары саткын болуп жатканына ким күнөөлүү? Афганистандын дыйкандары өздөрү апийим өстүрүүгө умтулуп жатканына ким күнөөлүү? Америкалыктар ушулардан пайдаланышып, ири-ири аймактарды жана миллиарддаган элди жакыр кулчулук абалда атайын кармап жатышат. Очень трудно заподозрить американцев, что дядя Сэм мечтает, чтобы мощных развитых стран как они сами, было как можно больше…

Бүгүнкү күндөгү Афганистан жөнүндө, тезис менен кыскача бир нече сөз…

Ал жакта жакында тынчтык орнобойт. Афганистандын кыйроосу толук мумкун…

Афган тажиктери Тажикстандын чек арасына таяп, өздөрүнүн улуттук анклавын түзүп алышы мүмкүн. Ошондой эле афгандык өзбектер да ошентиши мүмкүн…бул кебетесинде пуштундар да аймактык автономдуулукту алууга аракет кылышы мүмкүн.

Бул сценарий толук ишке ашып кетиши мүмкүн, анткени карапайым калк аягы көрүнбөгөн согуштан тажашты, ошон үчүн керек болсо автономдуулук жолу менен болсо да кандай болбосун тынчтыкка, стабилдүүлүккө умтулушат. Борборлошууга умтулган, Афганистанды бириктирүүчү күчтөр бүгүнкү күндө жок.

Талибан Тажикстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга кирет деген бул америкалык же башка пропагандисттер чыгарып жаткан жөн эле жомок… Алар муну менен болбогон бир суммадагы долларына жана жергиликтүү бийлик менен жакындашкан америкалык самолеттору үчүн бензин берүү менен,  ошол көз карандысыз мамлекеттерге өздөрүнүн базаларын жайгаштырганы жатышат. Биз, кыргыздар муну баштан өткөргөнбүз, авиакеросинди кантип башыбызга төгүлөөрүн билебиз жана түшүмүбүзгө кандай кедергисин тийгизээрин жакшы түшүнүп калганбыз.

Ушул абалда Россия эмне кылат?

Регионалдык гегемон катары ал өзүнүн позицияларын бекемдейт… Талибандарды дараметтүү террористтер катары алыс кармап, жакындатпайт. Талибанга ички күчтөр каршы туруп жаткандыктан, сырткы кол салуу оюна келбейт. Ички күчтөрү, булар моджахеддер, алар афган өкмөтүн колдоп жатышат, алар Пакистандын талибандарына каршылык көрсөткөн олуттуу күчтөр… бул кагылышуу көпкө уланып, качан жана эмне менен аяктаарын азырынча айтуу кыйын.

Талибандын Орто Азия республикаларында жана жадагалса Россияда да бекитип койгон ячейкалары бар деген сөздөр – бул деле нукура мусулман душмандарынын пропагандалык трюктары. Анткени Талибан деген – исламдын жаш жолдоочуларынын Афганистандын эгемендүүлүгү үчүн болгон кыймылы. Ал эми биз, азия өлкөлөрүнүн мусулмандары Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн өзүбүздү курмандыкка чала турган оюбуз жок, биз өзүбүздүн эгемендүү өлкөбүз үчүн күрөшөбүз.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Меню