Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин
1,2-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна мурда жөнөтүлгөн Жолдошов Иматилла Султановичтин жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.
Ал 2022-жылдын 21-мартынан тартып курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Иматилла Жолдошов, соттор
0 комментариялар