Menu

Инвестиция

Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү.

Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов С.С. иш-чаранын катышуучуларын экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле республика башчысы тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлге көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Буга далил катары биздин мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларациясына кол коюусу саналат», – деди ал.

С. Касмамбетов Кытай компанияларын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө чакырып, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку саясий жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Провинциялык партия комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, Сычуань провинциясынын пропаганда министри Чжэн Ли “19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин” ишине кыргыз делегациясынын катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларга басым жасады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Баясов иш-чаранын жүрүшүндө кытайлык ишкерлерге Кыргыз Республикасындагы бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк айтып берди.

Директордун орун басары Кыргыз Республикасы чоң инвестициялык потенциалга ээ жана Сычуань провинциясындагы инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ЕБ жана АКШнын (ВСП+) ошондой еле Улуу Британия (DCTS) рыногторуна кирүү үчүн ыңгайлуу «терезе» катары иштей аларын белгиледи.

Ал жыйындын катышуучуларына бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан бекитилген 18ге жакын продукциянын түрүн экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады.

Мындан тышкары, Кытай инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үчтүккө киргенин белгилеп, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдан келген инвестициянын агымы 326 миллион АКШ долларынан ашканын жана дээрлик үчтөн бир бөлүгүн же 27,1% түзгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Закенаев К.А. өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКтын өкүлү Куменова М.Ж. Кыргызстанда электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү жана түзүлүп жаткан шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чарада кытайлык компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, өлкөлөр ортосунда бизнес жүргүзүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти, ошондой эле биздин өлкөнүн туристтик потенциалын жогору баалашты.

Шилтеме:

90 миллиондон ашык калкы бар Сычуань провинциясы Кытайдын алдыңкы аймактарынын бири. Облустун 2022-жылы региондук дүң продукциясы 830 млрд. долларды түздү жана 2023-жылдын акырына карата 53,5 миллиард доллардан ашык каражат чогултулду. түз инвестиция.

Кыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге виза берилет

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда 10 миллион жана 20 миллион сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жарандарга беш жылдан 10 жылга чейин виза берүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Жогорку Кеңеш 11-январдагы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Парламенттин төрт депутаты – Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Жанарбек Акаев жана Сеидбек Атамбаев жазган мыйзам долбоору Кыргызстанда инвесторлорго шарт түзүп берүүгө багытталганы айтылды.

“Азыр 10 миллион сомдон ашык инвестициялык салым кошкон чет элдик жаран Кыргызстанда үч жылга инвестициялык виза алат. Биз бул мөөнөттү беш жылга узарттык. Андан тышкары 20 миллион сомдон ашык инвестиция салса, ал 10 жылга инвестициялык виза алса болот. Себеби, үч жыл аз. Мисалы, бирөө Кыргызстанда чоң ишкана ачам десе ага бул убакыт жетпейт. Мамлекет ага жок дегенде 10 жыл бериш керек”, – деди Дастан Бекешев.

Документти талкуулоо учурунда бул мыйзам арам акчаны адалдоого курал болуп калбайбы деген кооптонуулар көп айтылган. Авторлор Кыргызстанга инвестиция салам деген ишкерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Финансылык чалгын кызматы текшерерин билдирди.

2021-жылы инвестицияларды колдоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, инвесторлорго 10 миллион доллар каражат салып өкмөт менен инвестициялык макулдашуу түзүүгө жол ачылган. Ага чейин бул сумма 50 миллион доллар болчу. Аны менен кошо эле 10 миллион сомдон ашык инвестиция кылгандарга виза алыш үчүн Тышкы иштер министрлигине арыз тапшырууга укук берилген. Дастан Бекешев Кыргызстанда 2022-жылы 27 инвестициялык виза берилгенин айтты.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө инвесторго шарт түзүп, алардын мүлкүнүн кол тийбестигине кепилдик берерин билдирип келет. Бирок бизнести мыйзамсыз текшерүү, акча чогултуу фактылары бар экенин моюнга алып, 2023-жылы ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 958 миллион доллар инвестиция келген. Ушул эле убакытта 563 миллион доллар сыртка чыгарылып кеткен. Статистика комитети азырынча өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөрдү жарыялай элек.

Меню