Menu

Индиялык студенттер

ИИМ: Бишкекте Индиялык студенттерди сабаган бейбаштар кармалып, камакка алынды

Буга чейин социалдык түйүндөрдө, Бишкек шаарынындагы Киев жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар Индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тасма тараган.

Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 280 (Бейбаштык) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004-жылы туулган Б.К. атуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Урматтуу жарандар, милиция кылмыштын бетин ачууда тоскоолдуктарды жаратпоо жана шектүү адамдардын изин суутуп кетүүсүнө  жол бербөө үчүн видеобайкоодон, кылмыш же укук бузуу болгон жерлерде күбөлөр тарабынан тартылган сүрөттөрдү жана видеожазууларды алдын ала таратпоого чакырат.
Сиздин коопсуздугуңузга коркунуч жаралса, күнү-түнү кызматтагы “102” кыска номерине кабарлап, ал эми далилдерди тергөөчүлөргө берүүнү суранабыз.

Меню