Menu

Интерпол

Курулуш компанияларын $200.000 акчага алдап качып кеткен кылмышкерди Интерпол Алматыдан кармап берди

Ички иштер министрлигинин “Интерпол” Улуттук борбордук бюросу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгү, Казакстандын  “Интерпол” Улуттук борбордук бюросу жана Алматы шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. аттуу жаранды кармашкан. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан  издөөдө жүргөн.
Шектүү курулуш компаниялардын өкүлдөрүнүн ишеничине кирип, алар менен лифт жабдууларын камсыз кылып берүү боюнча келишимдерди түзүп, акча каражатын алып, бирок өз милдеттемелерин аткарбастан качып жүргөн.
Шектүү өзүнүн кылмыштуу иш-аракеттери менен  курулуш компанияларына жалпы  200 миң АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтирген.
Учурда шектүү Кыргыз Республикасына экстрадицияланып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын  тергөө абагына камакка алынды.

Бишкек соту бошотуп жиберген Түркиянын жараны Интерпол тарабынан Сербияда кармалып, экстрадицияга даярдалууда

Интерполдун жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 1-июнь күнү Белград (Сербия) шаарынын аэропортунан Түркиянын жараны 1988-жылы туулган Ч.О. кармалган. Ал Интерпол линиясы аркылуу 2011-жылдан бери жашы жете элекке сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана Түркиянын аймагында адам уурдоого шектелип издөөгө алынган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тактай кетели, 2020-жылдын 12-август күнү 2020-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери Түркиянын жараны Ч.О. кармалган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кармалган жаранды Түркия тарапка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок 2020-жылдын 11-ноябрь күнү Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясынын токтому менен Түркия Республикасына аны өткөрүп берүүнү токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган. Анткени бул чечимге кармалган жаран Миграциялык кызматка качкын статусун алуу жөнүндө кайрылганы себеп болгон. Түркиянын жараны Ч.О. бошотулган соң кайда жүргөндүгү белгисиз болгон.
Азыркы учурда Түркиянын кармалган жаранын Түркияга экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.

Меню