Menu

Ипотека

Кыргызстандыктарга пенсиянын топтолгон бөлүгүн ипотека үчүн колдонууга уруксат берилди

Кыргызстан жарандарына пенсиялык топтомдогу акча менен ипотекалык карыздын негизги бөлүгүн же үстөгүн төлөөгө уруксат берилди. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Кеп Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду жөнүндө болуп жатат. Бул каражатты пайдалануу үчүн топтолгон сумма 50 миңден кем болбошу керек.

Кыргызстандын пенсия системасы базалык жана топтоочу бөлүктөн турат. Жыл сайын иштеген ар бир кыргызстандык маянасынын 10% пенсияга которот. Анын 8% азыркы пенсионерлерди каржылоо үчүн жумшалат, 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Акыркы каражат жарандын өзүнүн акчасы болуп эсептелет. Министрлер кабинети бул чечими менен дал ушул каражатты импотека карызын жабууга колдонууга уруксат берди.

Өлкөдө топтоо системасы 2010-жылы киргизилген.

2021-жылы Казакстанда пенсиялык топтомдун бир бөлүгүн турак жай маселесин чечүүгө жана ден соолукту жакшыртууга пайдаланууга уруксат берилген. Бирок быйыл апрелден тартып бул каражатты алуу шарттары татаалдаштырылган.

Мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталып, насыя алуунун жол-жобосу өзгөрдү.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева  билдиргендей, “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы 25-июлда расмий түрдө күчүнө кирди.

Эгер буга чейин ипотекалык насыя жылдык үстөгү 6-8 пайыз менен 15 жылга берилип келген болсо, эми 4 пайыз менен 25 жылга чейинки мөөнөткө бериле баштайт. Мурдагыдай дарыгерлер, мугалимдер жана башка социалдык жактан аз камсыз болгон категориядагылар деген чектөө болбойт, арыздар каалоочулардын баарынан кабыл алына берет.

Мындан тышкары МИКтин өзүнүн турак жай фонду түзүлүп, үйлөр көп жылдык мөөнөткө ижарага, андан ары менчикке берилет. Баштапкы төлөм деген талап мындан ары коюлбайт.

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека системасы 2015-жылы иштей баштагандан бери 5240 адам насыя алды. Азыр кезекте дагы 10 миңдей адам бар.

Бишкекте насыячылар мамлекет ипотекага бөлгөн каражаттын үстөгүн азайтуу талабы менен бир нече жолу митинг уюштурушкан.

Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы орточо 17-18% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню