Menu

Иран

Ирандын бийлиги элдик толкундоолордон кийин Адеп-ахлак полициясы жоюларын билдирди

Ирандын бийлиги аялдардын хижаб кийүүсүн талап кылган мыйзам кайра караларын билдирди. Мындай чечим өлкөдө эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан массалык нааразылык акцияларынын фонунда кабыл алынды.

“Парламент да, сот органдары да азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат”, – деди Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазери.

Ал жогорудагы мыйзамды кайра кароо жана Адеп-ахлак полициясын жоюу боюнча бир-эки жуманын ичинде чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин Ирандын бийлиги митингчилердин талаптары аткарылбай турганын билдирип, өлкөдөгү башаламандыкка АКШны, Израилди, алар менен байланышы бар “террордук жана сепаратисттик топторду”, ошондой эле Иракта жайгашкан күрд оппозиционерлерин айыптаган.

Иранда Адеп-ахлак полициясы 2006-жылы ошол кездеги президент Махмуд Ахмадинежаддын тушунда түзүлгөн. Анын кызматкерлери жарандардын, биринчи кезекте аялдардын жүрүм-турумун карап, хижаб кийүүсүн көзөмөлдөп турган.

13-сентябрда Тегерандын адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент Махса Аминини кармап кеткен. Үч күндөн кийин ал абакта каза болуп калган. Полиция ал жүрөгү кармап өлгөнүн маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Бул окуядан кийин өлкөдө бийликке каршы жапырт нааразылыктар тутанып, күч кызматкерлеринин колунан 400дөн ашуун адам өлдү.

Иранда бийликке каршы нааразылык акцияларында кеминде 201 киши өлдү

Иранда жалпы улуттук нааразылык маалында кеминде 201 киши каза болду, арасында 23 бала бар. Бул тууралуу Ослодо жайгашкан Iran Human Rights укук коргоо уюму билдирди.

Уюм нааразылыкты басууда өтө катаал ыкмалар колдонулуп жаткандыктан, жаңы курмандыктар болушу ыктымал экенин эскертти.

IHR акыркы үч жумада эле 108 адам өлтүрүлгөнүн белгилейт. Дагы 93 киши Систан-Белужистан провинциясынын Захедан шаарында көз жумган. Ал жакта полициячы өспүрүм кызды зордуктаганы жөнүндө кабар тарагандан кийин кагылышуу башталган.

108 кишинин көбү Ирандын батыш тарабындагы Күрдистан аймагында өлгөн. Бул жерде Амини жашаган. Тегеранга ал өлөрдүн алдында эле келген.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини кармап кеткен. Анын абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесүүдө. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар бар.

Меню