Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 383 тескемеси менен Мойдинов Исламбек Жанышович Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды.
И. Мойдиновдун өмүр баяны:
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган, ошондой эле 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын Магистрдик программасын «менеджмент» багыты боюнча «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ
2003-жыл. — Адвокаттын жардамчысы
2006 – 2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик, юридикалык бөлүмдүн адиси, баалуу кагаздар рыногун талдоо, каттоо жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси, юридикалык бөлүмдүн алдыңкы адиси;
2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, юридикалык бөлүмдүн алдыңкы адиси;
2007 — 2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, алдыңкы адис, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын көзөмөлдөө жана инвесторлор укугун коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;
2009-ж. — Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы, камсыздоо компанияларынын методологиясы, мониторинги жана жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси;
2010-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмүнүн эксперти;
2011-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча топтун эксперти;
2012-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлчүлүгү, эксперт;
2014-2021-ж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлчүлүгү, туруктуу өкүлдүн орун басары.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.