Menu

Ислам Каримов

ЖМК: Каримова камакта отурганда ага байланышы бар делген Гонконгдогу пентхаус $68,4 млн сатылган

Гүлнара Каримова менен анын шериктери камакта отурганда ага байланышы бар делген Гонконгдогу The Arch деп аталган пентхаус 68,4 миллион долларга сатылган. Бул тууралуу Газета.уз сайты канадалык The Globe and Mail басылмасына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, пентхаусту 2008-жылы Гүлнара Каримовага байланышы бар экени айтылып жүргөн Zeromax компаниясы 36,5 миллион долларга сатып алган. Үч айдан кийин ал батир Rudolph Alliance аттуу офшор компанияга арзандатылган баада кайра сатылган. Аталган компаниянын негиздөөчүсү катары Каримованын мурдагы күйөөсү Рустам Мадумаров көзөмөлдөгөн Гонконгдогу Expoline компаниясы көрсөтүлгөн.

The Globe and Mail басылмасынын белгилешинче, бир нече өлкөдөгү соттук териштирүүлөр да, Гүлнара Каримованын 2013-жылы соттолушу да ири өлчөмдөгү каражаттын кыймылын токтоткон эмес. 2016-жылы The Arch пентхаусуна ээлик кылган жана Рустам Мадумаров көзөмөлдөгөн компания аны 68,4 миллион долларга кайра саткан.

Буга чейин Гүлнара Каримованын женевалык адвокаты Грегуар Манжа “Каримова Zeromax компаниясына тиешеси бар экенин четке кагып келээрин” белгилеген. Анын айтымында, 2017-жылы Швейцария прокуратурасы Каримованы аталган компанияга байланыштырууга аракет кылгандардын арызын кароодон баш тарткан.

2015-жылы өзбек соту Гүлнара Каримованын эркиндигин беш жылга чектеген өкүм чыгарган. Бирок 2019-жылы ал абакка которулган. 2020-жылы мартта Каримова “Мамлекеттин каражатын уурдоо”, “Өзбекстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишимдерди түзүү” жана “Башка бирөөнүн ири суммага бааланган мүлкүн ээлеп алуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жыл 4 айга соттолгон.

Ташкенттеги 1999-жылкы жардыруулар боюнча соттолгон беш киши акталды

Ислам Каримов диний экстремисттер уюштурган теракт анын өмүрүнө кол салуу аракети да болгонун билдирген

Кылмыш иштери боюнча Ташкент облустук соту 1999-жылы февралда Өзбекстандын баш калаасында болгон бир нече теракт боюнча соттолгон мурдагы беш бажы кызматкерин актап, аларды реабилитациялады.

1999-жылы июнда “Гишт куприк” бажы бекетинин беш башкы тескөөчүсү “Бийликтин аракетсиздиги” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири үч жылдан эрктеринен ажыратылган.

Алар аталган бекет аркылуу транспорт каражаттары менен адамдарды өткөрбөө тууралуу буйрукту так аткарган эмес деп айыпталышкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, Ташкентте бир нече жардырууну ишке ашырган диний-экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү шаардан дал “Гишт куприк” бажы бекети аркылуу чыгып кетишкен.

Соттун чечиминде тескөөчүлөр жолду транспорт каражаттары үчүн гана жаап, жөө адамдардын өтүүсүнө уруксат бергени жазылган. Анын жыйынтыгында жардырууларды уюштурган үч киши эч тоскоолдуксуз аталган бекет аркылуу шаардан чыгып кетишкен.

Бул иш боюнча соттолгон Ёлкин Камалов, Мухаммадзахир Хожаев, Иброхим Юнусов, Бахтиёр Бегматов жана Искандар Буриев аттуу бажычылар 1999-жылы апрелдин аягында президенттин жарлыгы менен жарыяланган мунапыстын негизинде эркиндикке чыккан.

Алар биринчи баскычтагы сот өкүмү боюнча апелляциялык арыз жазып, ал Ташкент облустук сотунда карала баштаган. Быйыл 24-июлда соттук коллегия мурдагы бажычыларды актап, райондук соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгарды.

1999-жылдын 16-февралында Ташкент шаарында бир нече ири жардыруу болгон. Анда 16 киши көз жумуп, жүздөн ашык адам жаракат алган. Ошол кезде өлкөнү жетектеп турган Ислам Каримов диний экстремисттер уюштурган бул теракт анын өмүрүнө кол салуу аракети да болгонун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню