Menu

Исмаил Исаков

Исмаил Исаков, генерал: “Экология министри Динара Кутманова кечээ бирди сүйлөп, бүгүн бирди сүйлөп жатса, анан ушундай адамдарга биз кантип ишенебиз?”

“Бийлик “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстанга алганда кандай шарттар менен алды деген суроо туулат. Анын ичинде эң чоң маселе – бул экология маселеси. Мына ошол экологиялык маселе азыр кандай чечилди деген суроого жооп берели”, – деп билдирди кечээ, 26-июлда экс-коргоо министри, экс-депутат Исмаил Исаков “Арча медиа” басылмасына берген видеоинтервьюсунда.

“Биз өзүбүз Канадалыктарды биздин экологияга 3-4 миллиард доллар зыян келтирди деп доомат артып, соттон жеңип алдык эле. Эми ал акчаларды бюджетке ким төлөйт? Эгер эртең чатак болуп кетсе… Биз жаңы келишим боюнча анын баарын өз моюнубузга алып жаткан турбайбызбы. Зыянды “Центерра” компаниясы алып келсе биз аны кечирип жатабыз да. Мисалы менин үйүмдү сен талкалап, 3-4 миллиард доллар зыян келтирдиң дейли, анан кол коюп жатканда мен кечирдим дегендей болуп жатпайбы. Мен өзүм төлөйм деп. Анда эмнеге уруштум эле? Анда эмнеге кенди тартып алдың эле? Экологияны калыбына келтирүү үчүн 3-4 миллиард долларды эми биз кайдан табабыз? Кайсы булактан? Бийлик айтыш керек да мобу булактан биз ушундай акча таап койдук деп. Мына, Экология министри Динара Кутманова бир кезде экология  ошончо зыян тартты деп өзү кыйкырып жүргөн, эми болсо ушуга макул болуп жатат. Анан ушундай адамдарга биз кантип ишенебиз?  Кечээ сен бирди кыйкырып жүрдүң эле, бүгүн кайтып ал зыянды өзүңүн мойнуңа алып жатасын, анда эмнеге кыйкыргансын сен?  Бул биринчи маселе, муну туура эмес кылышты,” – деди генерал Исмаил Исаков.

Генпрокуратура Р.Отунбаева, А.Атамбаев, А.Бекназаров, И.Исаков баштаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкүн камакка ала баштады

КР Генералдык прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы  2010-жылдагы июнь коогалаңына жана андагы массалык адам өлтүрүүлөргө  жол берген шалаакылыктары  үчүн ошол кездеги Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөөдө.

“Кактус” басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары билдиргендей, Генпрокуратуранын Тергөө башкармалыгынын  тергөөчүсү КР Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынан төмөндөгү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкү тууралу маалымат талап кылган:

  • Роза Отунбаева;
  • Алмазбек Атамбаев;
  • Азимбек Бекназаров;
  • Исмаил Исаков;
  • Бактыбек Алымбеков;
  • Бектур Асанов;
  • Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • Байтемир Ибраев;
  • Кубатбек Байболов.

Тергөөчү жогоруда аталган кылмыш иштери боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн дүнүйө-мүлкүн азыр эле камакка алып, соттон кийин ал мүлктөрдү мамлекеттин эсебине конфискациялоо максатын көздөйт.

КР Генпрокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесине жазган катынын көчүрмөсү.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө айыптары угузулду

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү саясатчыларга айыбын 20-майда угузуп, Дүйшөбаев жашаган жеринен эч жакка кетпөө тил каты менен чыкты. Саясатчы муну оппозицияга карата саясий куугунтук деп эсептейт.

“Мага Кылмыш-жаза кодекси 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлду. Бул буюртма иш. Биз азыр оппозицияда жүргөндүктөн басым кылып жатышат. Иште эч кандай далилдер жок экен. Мындан ары тергөө, сот адилет болушу керек. Бирок аны көрө албай жатабыз”, – деди Дүйшөбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Меню