Menu

Ихсан” кооперативи

"Ихсан" кооперативинин жетекчиси 8-сентябрга чейин камалды

“Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева Биринчи май райондук сотунун чечими менен 8-сентябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу райондук соттун кеңсе кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлиги Бекмурзаева Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу”) менен козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында, 11-июлда кармалганын билдирди. Ага ылайык, “Ихсанга” байланыштуу март айынан бери арыз-даттануулар көп түшкөн. Алдын ала зыяндын өлчөмү 121 млн. 313 миң 950 сом деп эсептелген жана аталган кооператив бул убакытка чейин зыяндын ордун толтурган эмес.

Азырынча аталган кооперативдин өкүлдөрү милициянын маалыматына комментарий бере элек.

ИИМдин маалымдашынча, жыл башынан бери турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны 70тин тегерегинде. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Меню