Menu

Ишкердик

“Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү, анын статусун жана беделин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр аркылуу Кыргыз Республикасында бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт берүү менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнестин ишкердик күн тартибин белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин:

1) салыктык башкарууну оптималдаштыруу, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүү, бажы инфратүзүмүн санариптештирүү, контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын, анын ичинде лицензиялык контролду кыскартуу;

2) ак ниет ишкерлерге жеңилдетилген кредиттик ресурстарды берүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин түзүлгөн реестринин негизинде мамлекеттик сатып алууларды жана башка дем берүүчү шарттарды жүзөгө ашырууда атайын режимди колдонуу;

3) мамлекеттик-жеке диалогдо бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын андан ары коргоо;

4) бизнеске өзүн-өзү жөнгө салуу функцияларын берүү жолу менен жөнгө салуу саясатын андан ары либералдаштыруу (ишкердик субъекттердин ишине айрым мамлекеттик жана муниципалдык контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын өткөрүп берүү);

5) ишкерлердин жана ишкердик ишинин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү эфирдик санариптик берүү телеканалдарынын социалдык пакетине киргизилген телеканалдарда акысыз эфирдик убакыт берүү аркылуу маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу;

6) “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери” ардак наамын белгилөөнү жана анын ээлеринин төмөнкүдөй артыкчылыктарды алуусун караган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо жана киргизүү:

  • Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугун;
  • аэропорттордо расмий делегациялар залдары, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу өтүүнү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына киргизүүнү;

–       Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан милдеттүү кабыл алуу укугун.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык ата мекендик компанияларга кызматтык паспорт алууга укук берилсин.
  2. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн ишкерлерди сыйлоо жана наамдарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү кесиптик майрамы жыл сайын өткөрүлсүн.
  3. Тиешелүү сыйлыктарды жана баалуу белектерди берүү менен эң мыкты продукцияны (сапат, бренд, жашыл технологияларды колдонуу, жаңы рынокторго чыгуу ж.б.) аныктоо максатында өлкөнүн ишкерлери үчүн үзгүлтүксүз тармактык конкурстар жана көргөзмөлөр өткөрүлсүн.
  4. Экономикалык бизнес-форумдарга катышуу үчүн ата мекендик тармактык бизнес-ассоциациялар милдеттүү түрдө тартылсын.
  5. Ата мекендик тармактык бизнес-коомчулуктардын чет өлкөлүк бизнес-делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары уюштурулсун.
  6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
Меню