Menu

Иш таштоо

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

“Биз айлык маселесинен улам иш таштап жатабыз. Көчөдөгү бардык каттамдар токтоп, паркка чогулуп жатат. Биздин көйгөйүбүз көп”, – деди айдоочулардын бири Светлана Тургунбаева.

Айдоочулар менен “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолукту. Ал айлык акы 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, колго 41 миң сомго тийерин билдирди. Анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишти.
10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтып жатышат.
Буга чейин Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын билдирген. Ал “жол кире төлөөнү толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин, жаңы жылдан кийин айлык дагы караларын” билдирген.
Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштаарын жарыялагандан кийин пайда болду.
Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук, “Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.
Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Бишкек мэриясы: маршруттук таксилердин көбү ишке чыкты

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы көпчүлүк маршруттук таксилер 6-июндан тартып каттамга чыкканын билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, жол кире акысы шаардык кеңеш маселени караганча 10 сом бойдон калат. “Өзүмбилемдик менен жол кирени көтөргөн айдоочулар, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирмалар мыйзам алдында жоопкерчике тартылат”, деп айтылат маалыматта.

Айдоочулар жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып 2-июндан тартып жапырт иш таштаган.

Алар ушул жылдын январь айында да нааразычылык акциясын уюштуруп, иш ташташарын айтышкан. Мэрия 1-майга чейин маселени чечүүгө убада берген.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, маселе шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандыктан убагында каралбай калды. Мэриянын жол кире тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укугу жок.

Экономика жана финансы министрлиги Бишкек шаарындагы жол акысы боюнча атайын анализ жүргүзүп, жол акысын карап чыгуу боюнча оң жооп берген.

Жол кирени көтөрүү тууралуу токтом долбоору даярдалып Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилди. Бактыбек Кудайбергенов жол кирени көтөрүү тууралуу токтомду жаңы шайланып келген шаардык кеңеш сентябрь айындагы сессияда карашы мүмкүн экенин билдирген.

Бишкекте жүргүнчүлөргө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Анда үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт.

Меню