Menu

Кадыр Досонов «Дженго»

Кримтөбөлдүктөн баш тарткан "Женгонун" (Кадыр Досонов) "боевиктери" кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т.  Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү,  ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды.  

Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

УКМК: "Дженго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун Жалал-Абаддагы өкүлү кармалды

КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Кармалган К.С. 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

УКМК: Ош облусунун тургунуна $14.500 төлөйсүн деп милдеттендиришкен К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышты.

Такталгандай, кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, 14 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. 

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

 Тергөө иштери жүрүп жатат.

Сот кримтөбөл Кадыр Досоновду ("Женго") 5-мартка чейин камакка алды

Адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө “Женго” каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди. Маалыматты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда кримавторитет тергөө абагында 2023-жылдын 15-мартына чейин кармалат.

“Сот Досоновду камоо токтомун чыгарды. Калган кармалгандардын бөгөт чарасы бүгүн каралат”, – деп белгиледи башкармалык.

“13-январда түнкү саат 01:15те Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ысым менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды”, – деп жазылган милициянын маалыматында.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелерге айыпталып бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Ошто арматура менен башка чаап адам өлтүргөндөрдүн бири Курсантбек Шакир уулу Бишкекте кармалды

Ош шаарында 13-январда жасалган оор кылмышка – арматура менен адам өлтүрүүгө шектүү жаран Бишкек шаарынан аймагынан кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 15-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан  издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1998-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек Бишкек шаарынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

ИИМ: Ошто жаш жигитти башка арматура менен чаап өлтүрүүгө катыштыгы бар дагы бир жаран кармалды

Бүгүн, 14-январда Ош шаарында 13-январда жасалган кылмышка катыштыгы бар жаран Ош облусунун аймагынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.
Кылмыш ишин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

ИИМ: Ош шаарында жаш жигитти арматура менен сабап өлтүрүп, Казакстанга качып баратышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.
Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген.
Бул факт Ош шаарынын ИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин 122-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.
14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек-арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалышты.
Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Кечээ, 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар жаранды атайылап өлтүрүп, бирөөсүнүн денесине оор залал келтиришкен. Андан соң кол салгандар унаа менен качып кетишкен.
Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмышкерлердин төртөө кармалды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев Ош шаарында болуп, өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам тобунун ишин координациялоодо.
Кылмыш ишинин алкагында иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн жана алардын жакындарынын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар жана унаалардагы жүргүнчүлөр текшерилүүдө.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте уланууда.

ИИМ: Бир адамды өлтүрүп, экинчисин бычактаган кримтөбөл "Женго" Кадыр Досонов кармалды, шериктери изделүүдө

Кечээ, 13-январь күнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө орун алган банкттын капталындагы аялдаманын аркасында тергөөдө өздүгү аныкталбаган белгисиз атуулдар, өздөрүнүн кылмыштуу аркеттери менен адам өлтүрүү максатын көздөшүп, Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетип калышкан. Ошондой эле анын шериги, Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Н.М. дагы денесинен (өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган) жарат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Натыйжада Баткен облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 13-январь күнү Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жай сүрөткө алынып, схемасы чийилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Натыйжада 13-январь күнү бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча башкармалыгынын жана Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Анын шериктери, бул кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө. Алар:
1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургун.
Андан сырткары, шектүүлөр айдап жүргөн “Тайота” үлгүсүндөгү унаа дагы табылып, учурда Ош ШИИБдин убактылуу токтотуучу жайына киргизилди.
Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам-издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Төмөндө бул кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматыӊыздар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефону аркылуу байланыш коюушуӊарды суранабыз.

УКМК: Эл аралык бангизат каналына тиешеси бар Кадыр Досоновго ("Дженго") таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан бангизат каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсу эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп кармалды.

     2022-жылдын 21-майында К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 

     Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.

     2022-жылдын 21-майында КР УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен «гашиш») табылган. 

      Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.

Меню