Menu

Казакстандагы жол кырсыгы

ТИМ: Казакстанда кыргыздар бараткан поездди капталынан тепловоз сүзүп, кагылышуу болду

Бүгүн, 5-мартта Астана убактысы боюнча саат 10:20да Актөбе облусунун Шалкар районунун Биршогыр вокзалында Бишкек-Самара багыты боюнча №317 (10 вагондон турган) жүргүнчү поезди каптал тарабынан маневр жасоочу тепловоз (вагонсуз) менен кагылышуу болду.
Окуянын кесепетинен 3 вагон (2 жүргүнчү жана 1 баш тепловоз) рельстен чыгып кеткен (оодарылуу болгон эмес).
Поездде жалпысынан 214 адам (жүргүнчүлөр – Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жарандары, ошондой эле, КТЖнын кызматкерлери) болгон, алар поезддин башка вагондоруна жайгаштырылган.
Казакстан Республикасынын Актөбе облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, 2 адам медициналык жардам сурап кайрылган (поезддин проводниги (жолдо вагонду кароочу кызматкер) – кан басымы жогорулаганына арызданган, жүргүнчү – кол оорусуна арызданган). Экөөнө тең тез медициналык жардам көрсөтүлдү, госпитализация керектелген жок. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча башка жарандар кайрылган эмес.
Саат 10:40та аталган жерге 6 кызматкер жана 1 атайын техника бирдиги жөнөтүлгөн, ага кошумча катары, саат 13:10до «Казавиаспас» АКнын ЕС-145 тик учагында (220 км) 4 кызматкерден турган ыкчам оперативдик топ жөнөтүлгөн.
«Казакстан темир жолу» УК АБнын Шалкар жана Кандыагаш станциясынан 2 калыбына келтирүүчү поезди жана 50 кызматкер жөнөтүлдү.
Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда жана Казакстан Республикасынын Актөбе облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана «Казакстан темир жол» УК АБнын өкүлдөрүн тартуу менен ыкчам штаб түзүлгөн.
Ошондой эле, поезддеги жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздоо маселеси иштелип чыккан.
Жакынкы арада, жүргүнчүлөрдү каттам боюнча андан ары жөнөтүү үчүн кошумча вагондор жөнөтүлүшү күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги жергиликтүү мамлекеттик органдар менен байланышта жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси биргеликте каралууда.

Меню